Президент Сооронбай Жээнбеков чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчысына чек арада чыр-чатактардын алдын алуу, анын ичинде Баткен областынын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү, чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуз жашоо-тиричилигин камсыз кылуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Кечээ жакында эле Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн чек арасындагы туруктуу…

Прочитайте больше

Ирактагы Американын терристтеринин базасына ракеталык чабуул коюлду

Ирактагы Американын терристтеринин базасына ракеталык чабуул коюлду

Ирактын маалымат каражаттары өлкөнүн Салах-эд-Дин облусунун түштүк тарабындагы Американын колдоосундагы террористтер жайгашкан базага ракеталык чабуул коюлганын билдиришти. «Tasnim News» агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактын Салах-эд-Дин облусунун түштүк тарабында жайгашкан “Балад” аба базасына ракеталык чабуул коюлду. Азырынча ракеталык чабуулдан келтирилген зыян же жапа чегүүлөр боюнча маалымат бериле элек. “Балад” базасына акыркы бир нече күндүн ичинде экинчи жолу ракеталык чабуул коюлуп жатат. Бейшемби күнү дагы аталган базага ракеталык чабуул жасалган эле. “Балад” Ирактын ири аба базаларынын бири жана америкалык…

Прочитайте больше

Филиппинде вулкан атылып, миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту

Филиппинде вулкан атылып, миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту

Филиппинде вулкан атылгандан кийин цунами пайда болушу мүмкүн деген коркунучтардан улам миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. “The New York Times” басылмасы маалымдагандай, Филиппиндин борбор шаары Маниладан 40 километр аралыкта жайгашкан Таал вулканы атылгандан кийин анын чачкан күлү бир чакырым бийиктикке чейин жетти. Вулкан жайгашкан аймактын тегерегинде акыркы айларда бир нече жер титирөөлөр катталып, кичине жарылуулардын үндөрү угулуп жаткан. Филиппиндин вулканология жана сейсмологиялык борбору вулкан атылган аймактагы жүздөй айылдарды…

Прочитайте больше

Генерал Салами учактын кулашы боюнча толук баяндама берди

Генерал Салами учактын кулашы боюнча толук баяндама берди

Ислам Ыңкылабынын Сакчылар корпусунун башкы кол башчысы Украинанын жүргүнчүлөр учагынын атып түшүрүлүшү боюнча билдирүү жасады. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, ИИРдин Сакчылар корпусунун башкы кол башчысы генерал Салами 12-январда кулап түшкөн учак боюнча толук баяндама берген.“Биз ыктымалдуу согуш абалында калдык, алгачкы ирет Америкага бетме-бет чыктык. Бул Иран тарыхындагы алгачкы эң ыйык, эң баатырлык чечим болгон. Менин айткандарым жүрөктөн чыккан сөздөр экенине Кудай өзү күбө болсун. Мен Иран элинин таң калтыраарлык жеңиш майданына күбө болдум. Америка бул ирет…

Прочитайте больше

Женевада БУУнун штабынын алдында Сулейманинин өлтүрүлгөндүгүнө каршы митинг уюштурулду

Женевада БУУнун штабынын алдында Сулейманинин өлтүрүлгөндүгүнө каршы митинг уюштурулду

Жекшемби күнү Швейцариянын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штабынын алдына Америка президенти Дональд Трамптын Иран Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун командири генерал Касем Сулейманини өлтүргөнүнө нааразычылык билдирип ондогон адамдар митингге чыгышты. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады.Митингдин катышуучулары колдоруна Ирандын, Ирактын желектерин жана генерал Сулейманинин, Абу Махди аль-Мухандистин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышып, “Америкага өлүм” деп кыйкырып жатышты. Алар генерал Сулеймани менен Абу Махди аль-Мухандистин сүрөтүнүн үстүнө “Алар ИШИМди жок кылышкан”, – деп жазып алышкан. Мындан тышкары, митингчилер “Терроризмге адилеттүүлүк жана…

Прочитайте больше