Филиппинде вулкан атылып, миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту

Филиппинде вулкан атылгандан кийин цунами пайда болушу мүмкүн деген коркунучтардан улам миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. “The New York Times” басылмасы маалымдагандай, Филиппиндин борбор шаары Маниладан 40 километр аралыкта жайгашкан Таал вулканы атылгандан кийин анын чачкан күлү бир чакырым бийиктикке чейин жетти.

Вулкан жайгашкан аймактын тегерегинде акыркы айларда бир нече жер титирөөлөр катталып, кичине жарылуулардын үндөрү угулуп жаткан. Филиппиндин вулканология жана сейсмологиялык борбору вулкан атылган аймактагы жүздөй айылдарды эвакуациялоо буйругун берип, вулкандын атылуусу цунами толкунун чакырышы мүмкүн экенин эскертти.

Вулкан жайгашкан аралда болжол менен 8 миңдей адам жашайт. Аладын көбү кайык менен коопсуз жерге эвакувцияланды. Маниланын эл аралык аэропорту бардык аба каттамдар убактылуу токтотулганын Тwitter расмий баракчасына жарыялады.

Филиппиндин президентинин расмий өкүлү Сальвадор Панело өкмөт учурда Таал вулканынын абалына көңүл коюп байкоо салып жатканын айтып, элге кыраакылыкты сактоону сунуштады. Таал вулканы акыркы 300 жылда 30дан ашуун жолу атылып, 6000дей адамдын өмүрүн алган.

Комментарий жиберүү