Шейит генерал Касем Сулеймани

Шейит генерал Касем Сулеймани 1957-жылы 11-мартта Керман аймагына таандык айылда жарык дүйнөгө келген.

Иран ислам төӊкөрүшүнө чейинки окуяларда Реза Камияб аттуу, дин кызматкери менен таанышкан, бир тууганы Сухраб Сулейманинин айтуусунда Керман аймагында шахка каршы элдик көтөрүүлүнүн алдыӊкы жетекчилеринин бири болгонун “bojnourd.iqna” агенттиги жазды.

Сулейманинин инсандык сапаттары

Анын негизги өзгөчөлүгү рухунун ыкластыгы, тобокелдик жана Руханий лидерге баш ийүүсү болуп саналат. Ошону менен бирге, душманды аӊдап билүү жана душманга каршы стратегиялык амалдарды аткарууда гениалдуулугу. Эр жүрөктүүлүк жана кайраттуулук андагы өзгөчөлүктөрдүн бири эле. Ошол эле учурда досторунун, ал гана эмес душмандарынын ичинде күчтүү харизматикага ээ болгон. Адамдар менен сүйлөшүүдө ар бир сөздү орду менен сүйлөө жана момундук, кичи пейилдик менен мамиле кылуусу адамдардын жүрөгүнөн орун алуусу жана өзүнө тартуусунун себептеринин бири болгон. Ал жоокерлердин ички дүйнөсүнүн башчысы эле.

Касем Сулеймани Иран-Ирак согушунун учурунда

“Hedayatmizan” агенттиги маалымдагандай, Касем Сулеймани Иран Ислам Төӊкөрүшүнөн кийин, хижранын 1359-жылы Ислам Төӊкөрүшүнүн Сакчылар Корпусунун мүчөсү болгон, Иран-Ирак согушунун башталышы менен Керманда бир канча батальонду даярдап, фронтко жиберген. Ал согуш учурунда батыш Азербайжан провинциясынын аскер кошуунунун жетекчилигин өз мойнуна алган. Сулеймани хижранын 1360-жылы Мухсен Резаинин өкүмү аркылуу Сакчылар Корпусунун убактылуу командири,  41-“Саруллах” пехоталык дивизиянын кол башчысы болуп дайындалган.

Ал Ирактын Иранга каршы согушунда “Аль-Фажр-8”, “Кербала-4” жана “Кербала-5” аттуу атайын операциялардын командири болгон. “Кербала-5” атайын операциясы согуш учурундагы эӊ бир маанилүү согуш амалдарынын бири болуп саналат, Ирактын БААС армиясынын саясий жана аскердик абалын алсыратуу жана Ирандын куралдуу күчтөрүнүн пайдасына кырдалды турукташтыруу, аталган операциянын натыйжасы катары баа берилет.

“Кудс” аскер бөлүгүнүн жетекчилиги

Сулеймани хижранын 1379-жылы Ирандын Куралдуу күчтөр жетекчисинин өкүмүнө ылайык Ислам Төӊкөрүшүнүн Сакчылар Корпусунун “Кудс” аскер күчүнүн командири болуп даяндалат. Анын “Кудс” аскер күчүн башкаруу мезгилинде, бул аскердик бөлүктүн Ливандын “Хизбалла” уюмунун жана Палестина күрөшү топторунун кубаттоолушуна тийгизген таасирин бир катар күрөштөрдөн, мисал катары 33 күндүк Ливандык Хизбалла менен Сианистик режимдин согушу жана Палестина күрөшү топторунун Сектор Газадагы 22 күндүк согушта Сианистик режимдин аскерлерин жеӊишинен байкасак болот. Сулеймани Иракта “Хашд аш-Шаби”, ал эми Сирияда “Улуттук коргоо күчтөрү” топторун түзгөн. Тышкы жана ички массалык маалымат каражаттары, анын аймакта стратегиялык башкаруучулук жана душман менен каршылаштык сапаттарынын ордун эске алуу менен командирдин мүнөзүн сүрөттөө үчүн “Күнөскү командир”, “Эл аралык генерал”, “Көрүнгүс командир”, “Сырдуу командир”, “Душмандын азабы”, “учурдун Малик Аштары”, “генерал Хаж Касым” лакабдары менен атап келген. Бул туурасында “Кhabaronline” сайты жазды.

Сириядагы орду жана ДАИШ менен күрөшүү

“Hadese” агенттиги маалымдагандай, Сирияда ДАИШтин пайда болушу менен, өлкөнүн борбору калаасы Дамасктан бөлөк башка шаарлары жана айылдары, ал менен катар Латакия менен Тартус сыяктуу бир катар аймактар биринин артынан бири кыйрап ДАИШтин кол алдына өттү.

Бир мезгил аралыгында Сириянын жарымынан көбү ДАИШтин кол алдында болуп турган. Ушундан улам, ДАИШ өз аймагын кеӊейтүү максатында Сириянын чегинен сырткары чыгып Ирак өлкөсүнө кирип келген. Кыска убакыттын ичинде Мосул шаары кулап, ДАИШ Ирак аймагына тереӊ кирип, Фалужа, Тикрит, Самарра, ал гана эмес Ирандын чек арасына чейин жеткен. Ал менен катар Дамаск, Эрбиль жана Багдад дагы курчоого алынып, ДАИШ тарабынан ырайымсыз жана таш боор өлүмдөргө дуушар болгон.

Ушундай бир катаал учурда Сулайманинин жетекчилиги алдында “Кудс” аскер бөлүгү жана аймактагы каршы күрөшүү күчтөрүнүн иш-аракеттеринин негизинде Сирия жана Ирак мамлекеттеринин дүйнөдөгү эӊ зулум террористик тобунан толук кыйрашына жол берген эмес. Ирактын жана өлкөдөгү Курдистан аймагынын расмий өкүл-башчылары, ошондой эле Сириянын атка минерлери Ирандын жана Сулейманинин ролун Эрбиль, Багдад жана Дамасктын толук кыйрашынан сактап калгандыгын бир канча ирет, ар кыл жерлерде тастыктап айтып келет.

Ислам Төӊкөрүшүнүн Сакчыларынан түзүлгөн Ливандын Хезбулла, Афганистандын Лива Фатимиюн, Пакистандын Лива Зайнабиюн, Ирактын Хейдариюн, андан соӊ Ирактын Хашд аш-Шааби уюмдарынын калыптануу жана башкарууда Шейит Касем Сулейманинин орду баа жеткис. Азыркы учурда ар кайсыл улуттагы каршылык күчтөр жоокерлеринин элесинде төшүндө эч бир аскердик даража жана чини жок майдандагы орто жаш курактагы, топурак-чаӊ аралаш кийимчен адамдын турпаты түбөлүк сакталып калат. Бул элес ДАИШ менен күрөшкөн алдынкы саптагы командир Сулейманинин элеси. Ушул элестин майданда болушу ДАИШти соӊуна чыгарышка жакындаткан. Демилгени колго алуу менен Каршылаш күчтөрүнүн жардамы аркылуу күрөштүн жаӊы барагы ачылып, ДАИШтин согуш майдандарында катар-катар жеӊилүүсү башталган.

Сулейманинин убадасы

30-Абан 1396-жылы аскер башчы Касем Сулеймани өзүнүн Ислам төӊкөрүшүнүн Руханий лидерине болгон катында ДАИШ террористик тобунун өкүмзаарлыгынын расмий түрдө соӊуна чыккандыгын жарыялаган. Бул маанилүү окуя ДАИШ желегинин Сириянын Абу-Камаль шаарында жерге алынышы жана шаардын бошотулушу менен бирге бардыгына жар салынган. Бул убада чындыгында «Кудс» аскер бөлүгүнүн башчысы аркылуу ошол жылдын жай мезгилинин акыркы күндөрү, Лангаруд аймагынын Шалман шаарындагы шейиттер гүлзарында «Арбаин» иш чарасынын алкагында шейит Муртаза Хусеин-Пурду эскерүүдө Сулеймани тарабынан жарыя кылынган. Бул тууралуу “Уjc” агенттиги маалымдаган.

Жакынкы Чыгышты жыӊыча түзүү; Американын чоӊ картасы

Америка өкмөтүнө таандык Батыш Азия аймагына арналган үстөмдүк кылуу чоӊ планы жана максаты Жакынкы чыгышты жаӊыча түзүү. Бул картанын негизги огу Сирия, Ливан жана Ирак болуп саналат. Алардын негизги максаты аймактагы өлкөлөрдү Америкага баш ийдирүү жана аталган аймактан Америка жана Израильге каршы коркунучтун болушун жокко чыгаруу. Бул үстөмдүк бир гана сырткы формада аткарылбастан ички-моралдык форманы да өзүнө камтыш керек эле. Америка бул чоӊ максатты аймакта абалды туруксуздатуу менен аткарылышын аркалаган. Американын кызыкчылыгын орнотуу үчүн коопсуздукту жоготуу, көз карандысыз мамлекеттерди алсыздатуу, туруксуздук орнотуу, такфирлик жана экстремистик терроризмди колдоо, алардын аймактагы иш аракеттери катары каралат. Бирок бул максаттар Сулейманинин стратегиялык пландары аркылуу Американын стратегиялык жеӊилүүсүнө дуушар кылды.

Айрым маанилүү инсандардын көз-карашында Сулейманинин терроризм менен күрөшүүсү

Командир Сулейманинин ДАИШти жок кылуудагы ролун  эч бир душман тана албайт. Командир Сулеймани ДАИШтин түзүлүшүнөн баштап эле Америкалык жана Батыштын массалык маалымат каражаттары үчүн бир катар кызыгуу жаратып келген, бирок ДАИШтин кулашында анын негизги ролу эл аралык массалык маалымат каражаттары, Америка жана Батыш өкмөт башчылары үчүн баса көрсөтүлдү. Иран командири Америкалык «Ньюс Вик» журналынын алгачкы бетине «Өлбөс душман» титри менен сүрөтү басылып чыккан. Титрдин түшүндүрмөсүндө мындай деп жазылган: «Алгач Америка менен согушту, эми ДАИШти жок кылып атат.»

Стенли Мак Кристал, Американын Ирактагы атайын согуш амалдары боюнча мурдагы генералы, Сулейманинин ролу тууралуу мындай деп айткан: «ДАИШ деп аталган шайтан жана бузуку көрүнүштүн пайда болушу менен, азыр Сулеймани ак чабендес (Белый рыцарь) болуп калды». МакКристал сөзүн улай: «Менин жеке пикиримде генерал Сулеймани, Башар Асаддын режимин сактап калууда негизги ролду ойноду. Асад жалгыз болгондо мындай кысым менен өзүнүн башкаруусун бир жыл да уланта албайт болчу.»

Райан Кларк Крокер, Американын Ирактагы жана Жакынкы чыгыштагы мурдагы элчиси дагы Сулейманинин ДАИШ менен күрөштөгү ролу тууралуу мындай дейт: «Башар Асаддын башкаруусу бир катар учурларда солкулдап бара жаткан. Кудс аскер күчү жана Иран күчтөрү ага жардамга келди.»

Скотт Беннетт, Америкалык аналитик жана психологиялык согуштун мурдагы офицери Ирандын «Кудс» аскер бөлүгүнүн башчысынын терроризм менен болгон тирешүүсүү тууралуу сүйлөшүүдө мындай деген: «Сулеймани баскынчыл жана террористик канкор ДАИШ менен күрөшүүдөгү өзүнүн атайын согуштук операцияларында оор басырыктуу иш алып барды жана бүткүл дүйнөгө Иран мамлекети ДАИШтин ар кандай тармактагы иш аракет, адеп ахлагына каршы экендигин көрсөттү, дүйнө эли акырындык менен Иран ДАИШти коргомок турсун, анын негизги стратегиялык душманы жана ДАИШти жок кылчу негизги күч экендигин сезе баштады.»

Джон Магуайр, Американын борбордук чалгындоо агенттигинин мурдагы офицери Сириядагы Кусайр шаарындагы салгылашуу, анын натыйжасында Сирия аскерлери Кусайр стратегиялык шаарды кайра алышы, тууралуу мындай деген: «Бул операциянын башында генерал Сулеймани турган, анын күчү аркылуу чоӊ жеӊишке жетишти.»

Сулейманинин момундугу Каршылык көрсөтүү жоокерлеринин арасында өзгөчө бир орду болгон, ДАИШке каршы согуш майданында Америкалык расмий адамдардын жана аналитиктердин көз жоосун өзүнө тарткан. Магуайр, Борбордук чалгындоо агенттигинин мурдагы офицери көз артуу менен мындай деп айткан: «Бул адам 25 жаш курактагы жоокерлердин ичинде, ок өткөрбөгөн кемсели жок фронттун алдында башка жоокерлер менен бирге согушуп жүрөт. Жаш курагы атасындай болгон командирин жупуну көйнөк кийип согуш майданында, душманга карай ок атып, аскерлери менен бир катарда турса, мындай көрүнүштөн кантип мотивация албай койбойт. Бул иш жанында жүргөн жоокер үчүн анын алдыга карай умтулуусуна, ичиндеги коркунучтун кетишине чоӊ бир мотивация болот.»

Магуайр сөзүн улай мындай дейт: «Мен толук ишенем, Сулеймани сымал адамдар өз тагдырын чоӊ нерсеге алмаштыргандар, идеология үчүн жашап, өлүмдөн коркпогондор. Мындай адамдар биз Америкалыктарга салыштырмалуу башкача жашоодо-көз карашта жашашат, алардын ишениминде кудай жолунда иш алып барып, мойнунда чоӊ миссия бар экендигин сезишет. Биз да ушулардай болууга умтулушубуз керек.»

Американын мурдагы президенти Барак Обама 2014-жылы  Ирактын премьер министри Хайдер Аль-Абади менен болгон жолугушуусунда, генерал Сулеймани тууралуу мындай дейт: «Ал менин душманым, бирок ага карабастан ага өзгөчө урмат-сый көрсөтөм.»

Дональд Трамп, Американын учурдагы президенти, генерал Сулейманини жана анын аскер бөлүгүн террористик тизмеге киргизип, Сулейманини өлтүрүүгө буйрук бергенине карабай анын террористик топторго каршы күрөшкөндүгүн тана албайт, расмий сөздөрүнүн биринде мындай деп айткан: «Ирандыктар ДАИШти бизге караганда көбүрөөк жек көрөт.» Бул туурасында “Hadese24.ir” агенттиги жазган.

Шейит кетиши

“Tasnim News” агенттиги кабарлагандай, 2020-жылдын 3-январында таӊга маал Американын күчтөрү Касtм Сулейманини Иракта өлтүргөндөн кийин, Исламий Иран толук бойдон кара жамынды.

Бул окуя менен катар элдер Ирандын бардык шаарларында, провинция, аймактарында Сулейманини өлтүргөндөргө жооп кылып көчөгө чыгышты жана террористик акт катары айыптап, мындай кылмышты аткаргандарга катуу, аяосуз жооп беришин талап кылышты.

Комментарий жиберүү