Америка парлементинин өкүлдөрү Трамптын импичментин Сенатка жөнөтөт

Америкалык парламенттин өкүлдөрү 15-январда Трамптын импичменти боюнча токтомду Сенатка жиберет.

IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Америка парламентинин төрагасы Ненси Пелоси демократтар менен биргеликте президенттин импичменти боюнча долбоорду Сенаттын добушуна коюуну чечти.

Белгилей кетсек, айрым парламент өкүлдөрү “импичменттин жетекчилери” катары Трампка өкүм чыгаруу максатында Сенат отурумуна катышышмакчы. Учурда алардын аттары боюнча Ненси Пелоси билдирген эмес.

Эске салсак, Америка президенти Дональд Трамптын импичменти анын Украина президенти Владимир Зеленский менен болгон телефон аркылуу жашыруун сүйлөшүүсү ачыкталгандан соң башталган.   

Берилген маалыматтарга караштуу, Трамп Зеленскийден өз атаандашы Жо Байден тууралуу толук изилдөө жүргүзүүсүн талап кылган.

Комментарий жиберүү