Сириялык 1312 качкын өз үйүнө кайтты

Орусиянын Сириядагы касташкан тараптарды элдештирүү борбору кошуна өлкөлөрдөн 1312 сириялык качкын өз үйүнө кайтып келгенин маалымдады.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Аталган борбордун кечээки билдирүүсүндө акыркы жыйырма төрт сааттын ичинде Ливандан 205 сириялык качкын жана Иорданиядан 1107 качкын Сирияга кайтып келгени айтылды.

Билдирүүгө караганда, 2018-жылдын 18-январынан бери азыркы учурга чейин кошуна өлкөлөрдөн 480 миң сириялык качкын өз өлкөсүнө кайтып келген. Сирия армиясынын террордук топторду талкалоодогу ийгиликтеринен кийин жана өлкөдө коопсуздук орнотулуп жаткандан бери өз үйлөрүн таштап жер которуп кеткен сириялык качкындар мекенине кайта баштады.

Сирияда 2011-жылы айрым Батыш өлкөлөрү колдоо көрсөткөн террордук топтордун басып кирүүсү менен кризис башталганда миллиондогон сириялыктар башка өлкөлөргө жер которуп кетүүгө аргасыз болгон. Сириянын армиясы жакында эле Иран жана Орусия сыяктуу өнөктөштөрүнүн жардамы менен ИШИМ террордук уюмун талкалады.

Комментарий жиберүү