ИИРдин Руханий лидери Тегеранда жума намаз өткөрөт

ИИРдин Руханий лидери Тегеранда жума намаз өткөрөт

Сегиз жылдан соң, биринчи жолу келээрки жума намаз Руханий лидердин имамчылыгы менен Тегеранда өтмөкчү. ANA агенттигинин маалыматына ылайык, бул аптанын жума намазы өлкөнүн Руханий лидери аятолла саид Али Хаменеинин имамчылыгы менен өткөрүлөөрү белгиленди. Берилген маалыматтарга караштуу, жума намаздын кутбасында аятолла Хаменеи маанилүү маселелер боюнча сүйлөмөкчү. Эске салсак, мындан 8 жыл мурда Ирандын Руханий лидери бир ирет жума намазын өткөрүп, андагы кутбада исламдык ойгонуу жана Тунис менен Египеттин маселелерине кайрылган.  Анын бул өлкөнүн элине арабча кайрылып, кутба…

Прочитайте больше

Американын бюджети 1 трлн. долларга азайды

Американын бюджети 1 трлн. долларга азайды

Американын бюджети акыркы 8 жылда болуп көрбөгөндөй азая түштү. Бул тууралуу  “Fars News” агенттиги New York Times гезитине шилтеме берип маалымдады. Американын Казына министрлиги өткөн 2019-жылы өлкөнүн бюджети 1000 млрд. долларга азайып, 1,02 трлн. долларды түзгөнүн билдирген. Белгилей кетсек, Дональд Трамптын экономикалык жаңы саясаты өкмөттүк каржылардын көбөйүүсүнө жана Ак Үйдүн көбүрөөк карыз алуусуна себеп болду. Берилген маалыматтарга караштуу, Американын өткөн жылдагы бюджетинин азаюусу 17%га жогору болгон. Ал эми 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу 28%га төмөндөгөн. Тагыраак айтканда, Дональд Трамптын…

Прочитайте больше

Американын мусулман өкүлү баарын Трампты бийликтен алууга чакырды

Американын  мусулман өкүлү баарын Трампты бийликтен алууга чакырды

АКШнын демократтар партиясынын өкүлү Ильхан Омар кечээ, шаршемби күнү Дональд Трамптын тышкы саясатын актоо боюнча сүйлөгөн сөзүнө  токтолуп, “Биз баарыбыз бир гана нерсеге жана Трамптын ноябрь айындагы кулашына (Трампка импичмент жарыялоо боюнча даярдыктардын башталышына) көңүл бурушубуз керек”, – деди. Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги кабарлады.Ильхан Омар Twitter баракчасына билдирүү жарыялап, Америка президенти Дональд Трамптын генерал Сулейманини террордоо үчүн кабыл алган чечимине жана Жакынкы Чыгыштагы тирешүүнүн күч алышына токтолуп, “Биз Дональд Трамптын өзүнүн актануулары менен бизге каршы аскердик…

Прочитайте больше

Кыргызстан эл каттоону уюштуруу ишин күчөттү

Кыргызстан эл каттоону уюштуруу ишин күчөттү

Быйыл Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейинки мезгилде өткөрүлөт. Ага байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарында эл каттоого даярдыктар күчөтүлдү. Буга чейин калкты каттоо сынамык ирээтинде смартфон аркылуу жүргүзүлө баштаган. Мындай иштер алгачкылардан болуп Ош шаарында уюшулган. Анда маалым болгондой, жаңы тиркемени тестирлөө үчүн координатор, инструктор-көзөмөлдөөчү жана каттоочу кызматына 218 адам тандалып алынган жана алар атайын окуудан өткөрүлгөн. Эгерде бул ыкма ишке ашып калса, калкты каттоо иштери бир топ жеңилдейт. Мурда…

Прочитайте больше

Ташкентте алгачкы ирет эл аралык зер буюмдардын көргөзмөсү өтөт.

Ташкентте алгачкы ирет эл аралык зер буюмдардын көргөзмөсү өтөт.

Кымбат баалуу буюмдардын көргөзмөсү Ташкентте 8-10 майларда өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Fars агенттигинин Ташкенттеги маалымат кеңсеси кабарлады. Берилген маалыматтарга караштуу алгачкы ирет өтүп жаткан кымбат баалуу буюмдардын көргөзмөсү Ташкен Жаштар чыгармачылыктарынын имаратында коюлмакчы. Эл аралык көргөзмөдө, зергердик жаңы техникалардын өндүрүштөрү, кымбат баалуу асыл таштар, Өзбекстандын алтындары көрсөтүлөт. Бул көргөзмө мындан ары жыл сайын май айынын башында Ташкентте өтүп турмакчы. Аталган көргөзмөнүн катышуучулары ошондой эле өз буюмдарын кардарларга сата алышаары маалымданууда

Прочитайте больше