Йемен: Арабстан коалициясынын чабуулдары азайды деген маалымат жалган

Йемендин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы 16-январда билдирүү жасап, БУУнун Йемендеги акыркы абал боюнча билдирүүсүн төгүндөдү.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Яхья Сарийъ мындай деди: Саудия жетектеген аскердик коалициянын Йеменге чабуулу азайган жок жана Мартин Грифитстин Коопсуздук кеңештеги билдирүүсү жалган.

Ал мындай деп кошумчалады: Сауд коалициясы күндө аскердик операция жасап, йемендик күчтөргө каршы чабуулдарын улантууда.
 

Ал ошондой эле Йемендин Саада провинциясынын Катаф чегаралык району 16-январда 3 ирет бомбаланганын белгиледи.

Эске салсак, Грифитс 16-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда билдирүү жасап, бул аптада Йеменге карата аскердик чагымдарга күбө болбогонун баса белгилеген.

Комментарий жиберүү