Руханий лидер: Генерал Сулейманинин табытын даңазалуу узатуу жана аскердин ракеталык жообу “Аллахтын күндөрүнөн” болду

Азирети Аятолла Хаменеи Кудс Сакчылар корпусунун ардактуу шейитинин жаназасын он миллондогон ирандыктар чыгып узатканы дүйнөдөгү эң ири жаназа узатууга айланып, “Аллахтын күндөрүнөн” болгонун билдирди.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, 17-январда Тегеранда 8 жылдан кийин алгачкы ирет өлкөнүн Рухний лидери жетектеген ири жума намаз өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, жума намазы өткөрүлөөрдөн алдың Азирети Аятолла Хаменеи кутбада сөз сүйлөп,  төмөнкү маанилүү маселелерди баяндады.

Такыба болуу жана шүгүрчүлүк келтирүүнүн зарылдыгы

Бардык кымбаттуу бир туугандарды такыбалыкка чакырам: эгер Аллахтын колдоосун күтсөңөр такыба болгула. Эгер жашоодо түз жолдо болуп, ийгиликке жетүүнү кааласаңар такыбалыкты кармангыла. Жеке жана коомдук маселелерде жетишкендиктерди кааласаңар, такыба болгула, такыбалыкты жашооңордо тараза койгула. Ар ким өзүнө жараша такыбалыкты сактасын.

“Аллахтын күндөрү” тууралуу аятта айтылган. Муса (а.с) элине эки нерсени эскертет: сабырдуу болуу жана шүгүрчүлүк кылуу. Пайгамбар Фараондон кутулуу жолу ушул эки нерсеге негизделээрин айтат. Душманды сабырдуулук менен жеңүүгө болот. Ал эми канчалык шүгүрчүлүк кылсаң, Аллах Таала ошончолук кайрат берет. Шүгүрчүлүк келтирүү адамдын өзүнө пайда келтирет, болбсо биздин шүгүрчүлүгүбүзгө Аллах муктаж эмес. Аллахтын күндөрү өтө маанилүү нерсе, сабырдуу жана шүгүрчулүк кылган эл душмандарга туруштук берүү менен жана колундагысына ыраазы болуу менен душманды жеңе алат.

Элдин тарыхый чыгуусу Аллахтын күндөрү болду

Бул эки апта биз үчүн окуяга толгон апта болду. Таттуусу да, ачуусу да болду. Шейитибизди жерге берээрде он миллиондогон калкыбыздын узатууга чыгуусу, дүйнөлүк деңгээлде өттү. Башка өлкөлөрдөн да жүз миңдеп чыккан колдоочуларчы болгон. Мунун баары Аллахтын каалоосунан башка эч бир күч мажбур кыла албаган көрүнүш. Бул күндөр “Аллахтын күндөрү” болду.

Албетте, бул күндөр да өттү, бирок анын элеси, таасирлери түбөлүк.
Ал эми душмандын жүзүнө чапкан аракетибиз, тарыхта бир чоң окуяга айланды. Эч бир күч, эч бир эл буга чейин державага каршы мындай жооп кайтара алган эмес. Душманды айласыз калтырган мындай чабуул, Аллахтын гана кудуретин баяндайт.

Кадырлуу элим, ар дайым Куран аятына амал кылып, ар дайым шүгүрчүлүк кылып, сабырдуулук келтирип келген. Ал эми Исламга, мекенге болгон элдин сүйүүсү жана берилүүсү бул – имам жолун жолдогондорду көрсөтүп турат. Имамдын дүйнө салганынан 30 жыл өтсө да элибиз аны унутпастан, бүгүн кайра аны менен антташкандай чыгуулары Аллахтын каалоосу менен болбогондо, кандайча болду?! Канчалык державалар Генерал Сулейманини “террорчу” атабасын, Аллах Таала өзү биздин колубуздан тартып, аны колдоого чыгарып, чыныгы жүзүн баяндады.

Жаназа узатуу деңгээли бир тараптан, аскерлердин кудуреттүү жообу бир тараптан террорчу державага сокку болду. Алар өздөрү “биз террордодук, биз террорчубуз” деп мойнуна алып отурушат. Албетте, аларга берген аскердик соккубуз, аброюна кезелген сокку. Буга чейин алар Ирак, Сирия, Ливан, Ооганстандан деле сокку алып жүрүшкөн, бирок биздин берген жообубуз алардын айбатына майтарган сокку болду.

Эми болсо, “биз санкциябызды күчөтөбүз” деп коркутушат, алардын кайтарган жообу ушу, колунан келгени ушунчалык гана…

Ыкластуулук жана мекенге болгон чыныгы сүйүү

Ыкластуу болуш керек, Аллах Таала ыкластуу пенделерине берет, аларды өстүрөт. Ыкластуунун пайдасы башкаларга да тиет, берекети жайылат. Ыкластын натыйжасы, чын ниети менен чыккан миллиондогон элимдин таза жашы, жүрөктөн чыккан үшкүрүктөрү менен жыйынтыкталды.

Окуяга туура баа берели, шейиттерибиздин жашоо жолунан үлгү алалы. Кудс аскерлерине бир гана уюм катары карабастан, бир инсандык пайдубал, улуу максаттуу күч катары карайлы. Алар элге кызмат кылып, аймактагы алсыздарды коргоо жолунда өз жандарын коюшкан ыктыярдуу күчтөр. Булар мекенин согуш менен террордон коргогон азаматтар.

Америка бир тараптан ИШИМди чегараларга киргизип, үй-бүлө, шаарларды кооптуу кылууну көздөгөн эле. Ушул урматтуу жаштарыбыз аларды тазалоодо чоң аракет жасашты. Ал эми бир убакта: “Газа эмес, Ливан эмес, өз өлкөбүз гана” -деп калп ураан чакыргандар, бул азаматтарыбыздай өз жандарын эмес, өлкөнү коргоого бир да тыйын сарптоодон качышкан.

Булар Кудс сакчылары керек болгон учурда Иранды коргоо жолунда жандарын алакандарына салып,  майданга чыгышкан. Андыктан ушулар гана мекенибизди чындап сүйөөрүн далилдей алышат.

Ал эми көчөлөргө чыгышкан миллиондогон элибиз да бул азаматтарга болгон сүйүүлөрүн көрсөтө алышты. Иран эли коргонуучулардын тарабында, жеңилүүчүлөрдүн тарабында эмес.

Ирандын чыныгы эли ким экенин көрдүңөрбү? Алар – генерал Сулейманинин сүрөттөрүн колуна кармашып чыккан миллиондогон эл.

Душмандар эки жүздүүлөрдү колдошот

Кара өзгөй Америка өкмөтү “Биз Иран эли менен бирбиз, ар дайым колдойбуз” деп ачык жалган айтышат. Иран эли эмнени кааларын, жан дүйнөлөрү кандай экенин өздөрү көрсөтүштү.

Албетте, алданган бир топ жаштарыбыз да жок эмес. Алар душман каалагандай сүйлөшөт, бирок тилекке каршы өздөрү чыныгы улуттук баалуулуктарды түшүнгүлөрү келбейт.

Менин дагы айтаарым, биз жүргүнчү учактын кулатылыша өтө нааразы болуп кайгырдык, ал эми душмандар болсо ошончолук сүйүнүштү. Алар бул окуяга таянып, Ислам Республикасынын системасын, куралдуу күчтөрүн суракка алууну көздөгөн эле. Бирок алардын арам амалдары Аллахтын кудуретинин маңдайында таасирсиз калды.

Өзөктүк келишим боюнча диалогго өз шарттарыбыз менен барабыз

Бул окуяга карата жасаган аракеттеринин бири: өзөктүк маселени кайрадан Коопсуздук кеңеште караштырабыз дегени болду. Буга да өлкөбүздүн жетекчилери ылайыктуу жооп кайтарышты.

Мен башында эле бул 3 европалык өлкөгө (Англия, Франция, Германия) ишенбейм деп айткам. Анткени алар эч убакта Американы нааразы кылуучу ишке барышпайт. Алардын максаты – Улуу Иран элин чөгөлөтүү. Менин айтаарым: Силер Улуу Иран элин чөгөлөтүүгө өтө алсызсыңар!

Албетте, Иран эли мындан да күчтүү болушу керек. Биз диалог жүргүзүүдөн баш тартпайбыз, бирок диалогго алсыздыгыбыздан улам эмес, бир кудуреттүү өлкө катары барабыз.

Кудуреттүлүк бир гана аскердик күчтө эмес, экономикалык жактан да күчтүү болушубуз керек. Мунайга болгон  муктаждыгыбыз азайып, башка жолду издөөбүз зарыл.

Белгилей кетсек, Азирети Аятолла Хаменеи экинчи кутбасында  араб бир туугандарга кайрылып, араб тилинде улантты. Ал ошондой эле жүргүнчүлөр учагынын кулашы толук ачыкталбаган маселе экенин жана аскерлер окуялардын алдын алуусу керектигин билдирди.

Комментарий жиберүү