Медведев “Бирдиктүү Россия” партиясынын лидери бойдон калат

Медведев “Бирдиктүү Россия” партиясынын лидери бойдон калат

Дмитрий Медведев өкмөт башчы кызматынан кеткени менен “Бирдиктүү Россия” партиясынын жетекчиси бойдон калат. Орусиянын мурдагы өкмөт башчысы Дмитрий Медведев өкмөттүн кызматтан кетишине алып келген өлкөдөгү акыркы окуялар тууралуу билдирүү жасап, өкмөт башчылыгынан кетишине карабай “Бирдиктүү Россия” (Орусиянын саясий бийлигинде үлүшү чоң партия) партиясынын жетекчиси бойдон каларын билдирди. Бул тууралуу Irna.ir агенттиги билдирди. Дмитрий Медведев бул тууралуу Орусиянын өкмөт башчылыгынан кетип, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалгандан кийинки алгачкы билдирүүсүндө сүйлөдү. “Өкмөт башчы кызматынан отставкага кетишим бул орунду…

Прочитайте больше

Төө менен саякаттаган ирандык турист Азербайжандын Гянджа шаарына жетти

Төө менен саякаттаган ирандык турист Азербайжандын Гянджа шаарына жетти

Дүйнө жүзүн төө менен кыдыруу үчүн Хормозгон провинциясынан сапарга чыккан ирандык турист Мохаммад Амири Рудан Азербайжандын экинчи ири шаары деп эсептелген Гянджа шаарына жетти. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Азербайжандын “Аpa” агенттигинин кечээ, 19-январдагы билдирүүсүндө, ирандык саякатчы төө менен саякаттоосун мындан 9 ай мурун баштаганы жана ал Азерайжандын бир катар аймактарын басып өтүп, Гянджа шаарына киргендиги айтылды. Ирандык саякатчы кабарчыларга берген маегинде, Гянджа шаарынын тарыхы жөнүндө уккандыгын жана бул сапарында акын Низами Гянджевинин күмбөзүнө барарын билдирди. Ал…

Прочитайте больше

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 20-январда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин  өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери  үчүн сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Жаңы жылдын алдында — 2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган. Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды. Иш-чарадан түз эфир Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынан берилет.

Прочитайте больше

Берлинде Ливияга курал жеткирүүнү токтотуу боюнча келишим кабыл алынды

Берлинде Ливияга курал жеткирүүнү токтотуу боюнча келишим кабыл алынды

Ливиядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Берлин саммитинин катышуучулары аталган түндүк африкалык өлкөгө курал жеткирүүгө тыюу салууга макулдашты. Германия канцлери Ангела Меркель 19-январда Берлинде өткөн эл аралык конференциянын жыйынтыгын чыгарып жатып, маселени тынч жол менен чечүү жолунда “олуттуу жылыш” болгонун билдирди. Саммиттин катышуучулары Ливияга аскердик жактан көмөк көрсөтүүнү токтотууга макулдашты. Документке 16 өлкөнүн жана уюмдардын өкүлдөрү кол койду. Алар узакка созулуп кеткен жаңжал аскердик жол менен чечилбей турганын моюндарына алышты. Гремания өкмөтүнүн башчысы Берлин конференциясы “узак…

Прочитайте больше