Медведев “Бирдиктүү Россия” партиясынын лидери бойдон калат

Дмитрий Медведев өкмөт башчы кызматынан кеткени менен “Бирдиктүү Россия” партиясынын жетекчиси бойдон калат.

Орусиянын мурдагы өкмөт башчысы Дмитрий Медведев өкмөттүн кызматтан кетишине алып келген өлкөдөгү акыркы окуялар тууралуу билдирүү жасап, өкмөт башчылыгынан кетишине карабай “Бирдиктүү Россия” (Орусиянын саясий бийлигинде үлүшү чоң партия) партиясынын жетекчиси бойдон каларын билдирди. Бул тууралуу Irna.ir агенттиги билдирди.

Дмитрий Медведев бул тууралуу Орусиянын өкмөт башчылыгынан кетип, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалгандан кийинки алгачкы билдирүүсүндө сүйлөдү.

“Өкмөт башчы кызматынан отставкага кетишим бул орунду таштап кетүүмө себеп болбогондуктан “Бирдиктүү Россия” партиясынын лидери катары кала берем”, – деди Медведев.

Ошондой эле, ал кызматтан кетүүсүнүн себебине токтолуп, “Мындай нерсе Орусияда көптөн бери боло элек болчу. Бирок, бул дүйнө жүзү боюнча болуп турган кадимки эле маселе жана албетте, биздин өлкөдө дагы болду. Айрым учурларда отставкага кетүү кадимки эле маселе эмес, зарыл маселе дагы болушу мүмкүн. Мен буга чейин өлкө президенти менен бул туурасында сүйлөшкөм”, – деп билдирди Д.Медведев.

Эскерте кетсек, өткөн шаршемби Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасап, Баш мыйзамга олуттуу өзгөрүүлөр кирерин айткан. Андан бир саат өткөндөн кийин, Орусиянын ошол учурдагы өкмөт башчысы Дмитрий Медведев өкмөт толугу менен отставкага кеткенин жарыялаган эле.

Комментарий жиберүү