Төө менен саякаттаган ирандык турист Азербайжандын Гянджа шаарына жетти

Дүйнө жүзүн төө менен кыдыруу үчүн Хормозгон провинциясынан сапарга чыккан ирандык турист Мохаммад Амири Рудан Азербайжандын экинчи ири шаары деп эсептелген Гянджа шаарына жетти.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Азербайжандын “Аpa” агенттигинин кечээ, 19-январдагы билдирүүсүндө, ирандык саякатчы төө менен саякаттоосун мындан 9 ай мурун баштаганы жана ал Азерайжандын бир катар аймактарын басып өтүп, Гянджа шаарына киргендиги айтылды.

Ирандык саякатчы кабарчыларга берген маегинде, Гянджа шаарынын тарыхы жөнүндө уккандыгын жана бул сапарында акын Низами Гянджевинин күмбөзүнө барарын билдирди.

Ал Азербайжандагы сапарында бул өлкөнүн жарандарынын меймандостугуна туш болгондугун белгиледи. Саякатчы Азербайжандан Грузияга барып, андан сон бул өлкө аркылуу Европага карай жол тартууну пландап жатат. Мохаммад Амири Рудан Хормозгон провинциясында мугалим болуп эмгектенет.

Комментарий жиберүү