Багдад америкалык аскерлерди чыгаруу үчүн зарыл аракеттерди көрө баштады

Ирак парламентинин коопсуздук жана коргоо боюнча комиссиясынын мүчөсү Багдад америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгаруу үчүн зарыл болгон аракеттерди көрө баштады деп билдирди.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Baghdadtoday News” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Ирак парламентинин коопсуздук жана коргоо боюнча комиссиясынын мүчөсү Али аль-Ганими өлкө парламентинин АКШ күчтөрүн Ирактан чыгаруу боюнча чечими туурасында айтпы берди.

Ал  америкалык күчтөрдү Ирактан чыгаруу планы өкмөт үчүн милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш план экенин жана аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чаралар көрүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле ал Американын “Хашд аль-Шааби” кыймылына каршы жасаган аракеттерин негизсиз деп атап, ушул жылы америкалык күчтөрдүн Ирактан чыгышына күбө болобуз деп белгиледи. Анын айтымында, Ирак парламентинин чечиминен кийин америкалык күчтөрдүн өлкөдө калуусу негизсиз.

Комментарий жиберүү