Зеленский: Иран учак кырсыгы боюнча өз милдеттенмелерин аткарды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Мухаммад  Эслами менен болгон жолугушуусунда Иран бийлиги учак кырсыгынын себептерин иликтөө боюнча убадасын аткарды деп билдирди.

Бул туурасында Украинанын президентинин аппаратынан билдиришкенин “Fars News” агенттиги жазды. Украина президентинин аппаратынан маалымдашкандай, Тегеранда кыйраган украиналык учак боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Киевге сапары менен келген Ирандын делегация өкүлдөрү кечээ, 20-январда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.

Ирандын делегация өкүлдөрүн жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Мухаммад  Эслами жетектеп келди. Жолугушуунун жүрүшүндө, Зеленский Иран учак кырсыгынын себептерин иликтөө боюнча убадасын аткарганын айтып, “Ирандын президенти менен сүйлөшкөндүн бардыгы аткарылды”, – деп билдирди.

Ал Иран бийлигинин Украинанын 45 экспертине учак кырсыгын иликтөөгө катышуусуна мүмкүндүк берүүсү окуяда курман болгон украиналык жарандардын өздүгүн аныктоого мүмкүндүк берди деп билдирди. Зеленский ошондой эле учак кырсыгы боюнча натыйжалуу иликтөө жүргүзүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Зеленский менен Эслами ошондой эле учактын кара кутусун Украинага өткөрүп берүү маселесин талкуулашты. Зеленский Украина учактын кара кутусун чечмелөөгө жөндөмдүү жана технологияларга ээ экендигин белгиледи. Мындан тышкары, тараптар кыйраган учактын бардык тетиктерин Украинага жеткирүүнү макулдашышты.

Комментарий жиберүү