Иран Сириянын окуу жайларын калыбына келтирүүгө катышууга даяр

Ирандын Билим берүү министри Мохсен Хаджи Мирзайе Иран Сириянын ИШИМ террордук уюмун согуштук кылмыштарынын кесепетинен улам зыянга учураган окуу жайларын калыбына келтирүүгө катышууга даяр деп билдирди.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги “IranPressNews” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Мохсен Хаджи Мирзайе кечээ кечинде Дамаск аэропортуна келгенде кабарчылардын алдында “Иран окуу жайларды калыбына келтирүү, модернизациялоо жана жабдуу жаатында тажрыйбага ээ экендигин эске алып, сириялык достор менен кызматташууга жана өзүнүн тажрыйбасын берүүгө даяр”, – деп билдирди.

Ирандын Билим берүү министри Мохсен Хаджи Мирзайе кечээ, 21-январда делегация өкүлдөрүн жетектеп Дамаскка үч күндүк сапары менен барган. Аны Дамаск эл аралык аэропортунан Сириянын Билим берүү министринин орун басары тосуп алган.

Ирандын министри Сирияга жасаган сапарынын алкагында, бул өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен жолугушкандан сырткары, Иран менен Сириянын Билим берүү министрлигинин кызматташуусу боюнча келишимге кол коюусу күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү