Кытайдагы жаңы вирус Америкага жетти

АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору кечээ, 21-январда Кытайда тараган коркунучтуу коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан биринчи учур Вашингтон штатында  катталгандыгын тастыктады.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги “ABC News” телеканалы шилтеме берип кабарлады. АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына караганда, Вашингтон штатында коронавирустун жаны түрүнө чалдыккан 30 жаштагы эркек адам жакында эле Кытайдын Ухань шаарына барып келген.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму табышмактуу вирустун Кытайдын көптөгөн шаарларына жайылып жаткандыгына байланыштуу  шашылыш жыйын өткөрүүгө чакырды. Кытайдын “Синьхуа” агенттиги маалымдагандай, Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы вирус пневмониянын жаңы түрү экенин жана ал адамдан адамга жугарын билдирген.

Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр, анын ичинде Америка жана көптөгөн Азия өлкөлөрү коронавирустун жаңы түрү аныкталган Ухань шаарына баргандарды текшерүүнү баштады.

“Reuters” агенттиги маалымдагандай, 20-январда Түштүк Корея коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан биринчи учур катталганын билдирген. Азыркы учурга чейин вирусту жуктуруп алгандар Кытайдан сырткары Таиландда жана Японияда дагы катталды. Кытайда бул вируска чалдыккандардын саны 300гө жетип, кеминде 6 киши көз жумду.

Комментарий жиберүү