Түндүк Корея: мындан ары өзөктүк жана ракеталык сыноолорубузду токтотпойбуз

Түндүк Корея Американын бул өлкөгө болгон кастык мамилесин токтотуусун талап кылды.

“Fars News” агенттигинин Рейтерге шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Түндүк Кореянын бир аткаминери өз өлкөсү өзөктүк жана ракеталык сыноолорун токтотпой турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын дипломатиялык делегациясынын мүчөсү Жо Янг Чол Женевада өткөн “Өзөктүк куралдардан арылуу” боюнча отурумда сөз сүйлөдү.
“Келишим түзүлгөн тарап өз сөзүн аткарбаган соң, биз да келишимде кала берүүгө эч себеп жок. Америка Түндүк Кореяга каршы кастык мамилелерин уланта берсе, Кореянын өзөктүк куралдарды сыноолору эч убакта токтотулбайт.
Эгер АКШ бир тараптуу талаптарын жүктөй берип, санкцияларын уланта турган болсо, Түндүк Корея башка бир жолду тандаары анык”,-деп билдирди Жо Янг Чол.

Көптөгөн адистер Американын Эл аралык келишимдеги макулдашууларына толук ишенүүгө болбосун белгилешкен.

Комментарий жиберүү