Имран Хан: Иран менен Сауд Арабиянын тирешүүсү кесепетүү болмок

Пакистандын премьер-министри өлкөсүнүн жасаган ката иштеринин бири: террорчуларга каршы Американын согушуна кошулуусу экенин билдирди.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык,  Пакистандын премьер-министри “Пакистандын стратегиялык диалогу” аталган доклады менен Давосто чыгып сүйлөдү.

Имран Хан Пакистан аймактык эч бир тирешүүлөргө катышпай турганын жана бул маселеде тынчтыкты гана колдоорун билдирди.

Пакистандын премьер-министри  өз өлкөсү Иран менен Сауд Арабиядагы кырсыктуу тирешүүлөрүнө тоскоолдук кылууда өз ролун аткарганын кошумчалап кетти.

“Пакистандын 80-жылдардагы Ооганстан согушуна катышуусу жана 11-сентябрь окуясынан кийин  Америка жетектеген “террорчулукка каршы күрөшүүсүнө” катышуусу 2 ката чечим болду жана тилекке каршы көптөгөн зыяндарды алып келди”,- деди Имран Хан.

Ал өз сөзүн мындай деп улантты: Террорчулукка каршы согуш 70 миң курмандыктар менен жан кечтилик чабуулдарды бизге жүктөп, тилекке каршы Пакистанды дүйнөдөгү эң коркунучтуу өлкөлөргө айлантты.

Пакистандын премьер-министри учурда өз өлкөсү Ооганстан тынчтыгы боюнча сүйлөшүү процесстерине катышып жатканын белгиледи.

Комментарий жиберүү