Ирак эли чечкиндүү түрдө Америка аскерлеринин өлкөдөн чыгарылуусун талап кылышат

Ирак эли эртең, жума күнү Американын аскерлерин өлкөдөн чыгаруу зарылдыгын баса белгилөө максатында анти-америкалык нааразычылык акциясын уюштурушмакчы.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.
Ирак эли жана саясай топтору эмне үчүн америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгарылуусун талап кылышууда? – деген маанилүү суроо туулат.
Албетте, Ирак эли Американы өлкөдөгү саясаты жана жасап жаткан иштеринен улам жек көрүп жаткандыгында шек жок.
Америка акыркы отуз жылдын ичинде согуш жана санкциялар менен Ирак элине ири сокку урду. Америка 1991-жылы Кувейтти колдоо шылтоосу менен эл аралык бирикме түрүндө Иракка кол салган.

Бул согушта Иракта өлгөндөрдүн так саны боюнча маалымат жок. Бирок, жалпысынан алганда он миңдеген ирактыктар курман болушкан, 75 миң адам жаракат алган жана 80 миң адам туткунга алынган.

Америка 2003-жылы массалык кыргын салуучу куралы бар деген шылтоо менен Иракка экинчи жолу кол салып, ошол учурда өлкөнү башкарып турган Баас режимин кулаткан. Бирок кийин Америка шылтоологон массалык кыргын салуучу курал Ирактан табылган эмес.

Баас режими Ирак элине каршы көптөгөн жана мыкаачылык кылмыштарын жасаган. Бирок, Американын согушу дагы Ирак элине оор кесепеттерди алып келбей койгон жок. Бул согуш 140 миңден ашуун адамдын өлүмү менен коштолду. Согуштун кесепетинен миллиондогон адамдар качкынга айланышты жана 2003-жылдан бери ушул убакка чейин бул өлкө Американын басып алуусунда келе жатат.

Согуштан тышкары, Америка санкциялар менен дагы Ирак элине катуу сокку урду. Америка Иракка санкция жарыялоо менен өлкөгө олуттуу экономикалык жана гуманитардык зыян алып келди.

Санкциялар жана курчоолордун кесепетинен пайда болгон кыйынчылыктардан улам 1991-жылдан 2003-жылга чейин Иракта бир миллиондон ашык бала көз жумган.

Бүгүнкү күндө Ирактагы көйгөйлөр өлкөнүн Америка тараптан басылып алынышы менен байланыштуу. Америкалыктар 2003-жылдан кийин Ирактан чыгып кетишкен жок жана өлкөдөгү окуяларга катышууда.

Ирак эли жакырчылык жана жумушсуздуктан жапа чегип жаткан кезде Америка Баас режимин кулаттык жана өлкөдө катышып жатабыз деген шылтоо менен өлкөнүн мунайдан тапкан кирешелеринин көп бөлүгүн өзүнө алып келет.

Иракта нааразычылык акцияларынын уланып жатышы коомдук кызматтардын начар аткарылышына бирден-бир себеп болууда. Чындыгында, өлкөнүн структурасы Американын аскердик аракеттеринен улам талкаланган.

АКШнын Иракта ишке ашырган эки согушунда өлкөдөгү он миңдеген маанилүү объектер жок кылынган. Ошол эле учурда, Ирак Перс булуңундагы согуш үчүн 52 млрд. доллар зыяндын ордун толтурууга мажбур болгон.

Иракта террордук топтордун, айрыкча ИШИМдин негизги түзүүчүсү Америка болуп эсепетлет. АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп жана өлкөнүн мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ИШИМ Американын жасаганы деп ачык айтышкан.

Бул жылдардын аралыгында ИШИМ он миңдеген ирактыктарды набыт кылышты жана он миңдегендерди жаракат кылышып, миллиондогон адамдарды качкынга айлантып, канчалаган үй-бүлөлөрдү бузду. ИШИМдин террорчулары Америка сыяктуу Иракта көптөгөн объекттерди талкалады. Ирак талкаланган объекттерин калыбына келтирүү үчүн 100 млрд. доллардан ашык каражатка муктаж.

Американын Ирактагы дагы бир кылмышы – уланып жаткан кол салууларында өлкөнүн күчтөрүн бутага алуусу. Айрыкча, Ирактын элинин эч качан эсинен чыкпай турган АКШнын жакында эле жасаган кылмышы 3-январда Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Касем Сулеймани менен бирге “Хашд аль-Шааби” кыймылынын командиринин орун басары Абу Махди ал-Мухандисти өлтүрүшү.

Ирак эли эртең, жума күнү миллиондогон адамдардын катышуусунда митинг уюштуруу менен Американын өлкөдөгү ырайымсыз жана кара саясатына каршы экендиктерин көрсөтүшөт жана өкмөтүн АКШнын күчтөрүн чыгарууда чечкиндүү болууга чакырышмакчы.

Сейед Рези Эмади,

Ирандын Азад университетинин эл аралык мамилелер боюнча кандидаты .

Комментарий жиберүү