Сионисттик аскер күчтөрү палестиналык балдарга атайын орой мамиле кылгандарын мойнуна алышты

Сионисттик режимдин аскерлери Палестинадагы адам укуктары уюмуна кайрылышып, күндө палестиналык балдар камакка алынышаарын мойнуна алышкан.

Бул тууралуу “Fars News”  агенттиги RT каналына шилтеме берип маалымдады.
Берилген маалыматтарга караштуу, кеминде 30 сионисттик аскер палестиналык жаш балдар менен өспүрүмдөргө атайын орой мамиле жасашканын жана аларды “калкан” катары пайдаланышканын мойнуна алышкан.

РТ каналы адам укуктарын коргоочу эки уюмдун билдирүүлөрүнө таянып, сионисттик режимдин күчтөрү Палестина балдары боюнча эл аралык мыйзамдарды бузгандарын жана аларды себепсиз камакка алагандарын жарыялаган.

Белгилей кетсек, мурдараак БУУнун Балдар укуктары комитети Израиль полициясы менен армиясы атайын түрдө палестиналык балдарга жаман мамиле жасап, аларды кыйноо менен иврит тилинде жооп берүүгө мажбурлашканын билдирген. Статистика боюнча, акыркы жарым жылдын ичинде сионисттик режимдин күчтөрү 16 палестиналык баланы Газада өлүмгө кыйышкан.

Комментарий жиберүү