Багдадда АКШга каршы демонстрация өтүп жатат

Бүгүн, 24-январь Багдадда ирактыктар америкалык аскерлердин өлкөсүндө болуусуна каршы массалык демонстрацияга чыгышты.

Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги Ирандын маалымат каражаттарына шилтеме берип кабарлады. Ушу тапта америкалык аскерлердин Иракта болуусуна каршы көчөгө чыккан ирактыктардын ири тобу демонстрация өтө турган жерди көздөй баратышат.

Маалым болгондой, демонстрация Багдад шаарынын борборундагы “Аль-Джадрия” районунда өтөт. “Аlmayadeen” телеканалынын корреспондети Багдаддан түз эфирге чыгып, Ирак эли Америкага каршы демонстрация өткөрүү үчүн бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дөн баштап көчөлөргө чыга баштаганын маалымдады.

Ирактыктар америкалык күчтөрдүн өлкөсүндө болуусуна каршы экенин билдиришип, америкалык аскерлердин Ирактан чыгарылышын талап кылышууда.

Демонстранттар колдоруна Ирактын желегин жана “Америка Ирактан кетсин” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Комментарий жиберүү