Кытайда белгисиз вирустан улам 25 киши каза таап, 8 шаар карантинге жабылды

Кытайда коронавирустун белгисиз жаңы түрүнө  каршы дары табыла элек, азыркы тапка чейин бул вирустан көз жумгандардын саны 25ке жетип, ооругандардын саны 830 адамга көбөйдү. 

Бул туурасында “IRNA” агенттиги кабарлады. Кытай бийлиги бүгүн вирустун жайылышын алдын алуу үчүн 8 шаардын кирип-чыгуу жолдорун жабууга аргасыз болду.

Кытайдын  Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы Ухань, Хуанган, Эчжоу, Чиби, Сяньтао, Чжицзян, Цяньцзян жана Ли Чуань шаарларына кирип-чыгууга тыюу салды. Бул шаарлардын бардыгы вирус чыккан Хубэй провинциясында жайгашкан.

Кытайлык эксперттер бул вирус жылан же жарганаттардан тараган болушу мүмкүн экенин божомолдошууда. Кытайдын борбор шаары Пекинде дагы вирустун жайылышын алдын алуу боюнча чаралардын алкагында  шаардагы  маданий борборлордун көпчүлүгү жабылды.

Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына караганда, азыркы учурга чейин өлкөнүн 29 провинциясында вирусту жуктуруп алгандардын саны 830га жетти, алардын ичинен 177 кишинин абалы оор. Ошондой эле 9507 адам карантинге алынып, тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин алардын 1078и карантинден чыгарылып, 8420сы дагы деле карантинде калууда.

Коронавирусту жуктуруп алгандар Кытайдан тышкары Америка, Түштүк Корея, Япония, Таиланд жана Сауд Аравия, Филиппин, Малайзия, Сингапур, Вьетнам, Австралия, Мексика, Бразилия, Колумбия, Англия жана Италияда дагы катталды. Кытайдын каржы министрлиги Хубэй провинциясына вирустун жайылышын алдын алууга 144 миллион доллар бөлүнгөнүн билдирди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму экинчи кезексиз жыйындан кийин азырынча өзгөчө кырдаал жарыялоонун зарылдыгы жок экенин билдирди.

Комментарий жиберүү