Помпео: Эгер чакырыла турган болсом, Трамптын импичменти боюнча сотто күбө болуп берем

Американын Мамлекеттик катчысы Трамптын импичменти боюнча сотко катышарын билдирди.

Бул тууралуу Mehr News агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдады.

Майк Помпео Ямайкада өткөн пресс-конференциясында мындай деп билдирди: Эгер мыйзам тарабынан менден талап кылына турган болсо, күбөлүк берем жана баардык суроолрго жооп берүүгө даярмын.

Буга карабастан, Американын Мамлекеттик катчысы Трамптын Сенаттагы импичмент жарыялоо маселесин караштырбаганын билдирди .

Эске салсак, өткөн аптада Америка Сенатында демократтар партиясы өлкөнүн президентине импичмент жарыялоону колдошуп, аны сотко жиберишкен.

Комментарий жиберүү