Түркияда катуу жер титирөө болду

Түркияда катуу жер титирөө болду

Түркиянын чыгышындагы Элязыг провинциясында күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, андан улам 15 киши каза таап, 200дөн ашууну жаракат алды. Бул туурасында түрк маалымат каражаттары кабарлашканын “Pars Today” агенттиги жазды. Маалыматка караганда, жер силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:45тер чамасында болгон. Жер титирөөнүн очогу Элязыг провинциясынын Сивридж аймагында 7 чакырым тереңдикте болгондугу айтылууда. Силкинүү катуу болгондуктан, анын күчү Түркиянын Диярбакыр, Ширнак, Мардин, Шанлыурфа, Гюмюшхане, Самсун жана Мардин провинцияларындагы дагы байкалды. Мындан тышкары, жер силкинүү Түркиянын Иран…

Прочитайте больше

Пентагон: Ирандын ракеталык чабуулунан 34 аскер жабыркаган

Пентагон: Ирандын ракеталык чабуулунан 34 аскер жабыркаган

Пентагондун басма сөз катчысы Ирандын Ирактагы “Айн аль-Асад” америкалык базасына жасаган ракеталык чабуулунан 34 аскер мээсинен жабыркаганын ачыктады. Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Пентагон Ирандын ракеталык чабуулунан жабыркаган америкалык аскерлер боюнча билдирди. Пентагондун басма сөз катчысы Джонатан Хоффман маалымат жыйынында базадагы ракеталык чабуулдан жабыркаган аскерлердин санын жана алардын учурдагы абалдарын баяндады. Белгилей кетсек, мурдараак Америка жетекчилери бул чабуулдан жаракат алгандардын саны 11ге жеткенин маалымадашкан. Берилген маалыматтарга караштуу, жаракат алган аскерлердин айрымдары дарыланууга Германияга, Кувейтке жиберилишкен. Эске салсак,…

Прочитайте больше

Кытайда вируска чалдыккандардын саны 1000ден ашып, 41 киши көз жумду

Кытайда вируска чалдыккандардын саны 1000ден ашып, 41 киши көз жумду

Кытайда коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына байланыштуу кеминде 10 шаардын карантинге жабылып, саламаттык сактоо чаралары күчөтүлгөндүгүнө карабастан бул белгисиз вирус жайылып жатат. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Кытайдын “Global Times” басылмасы Хубэй провинциясында коронавирустун жаңы түрүнөн көз жумгандардын саны 39га адамга көбөйгөндүгүн бүгүн эртең менен маалымдады. “Sputnik” агенттиги билдиргендей, Хубэй провинциясында көз жумган адамдардын бардыгы Ухань шаарынын тургундары болгон. Айрым маалымат каражаттары Кытай бийлигинин статистикасына таянып, дүйнө жүзүндө вируска чалдыккандардын саны 1126га (1106 адам Кытайда жана 20…

Прочитайте больше