Кытайда вируска чалдыккандардын саны 1000ден ашып, 41 киши көз жумду

Кытайда коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына байланыштуу кеминде 10 шаардын карантинге жабылып, саламаттык сактоо чаралары күчөтүлгөндүгүнө карабастан бул белгисиз вирус жайылып жатат.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Кытайдын “Global Times” басылмасы Хубэй провинциясында коронавирустун жаңы түрүнөн көз жумгандардын саны 39га адамга көбөйгөндүгүн бүгүн эртең менен маалымдады.

“Sputnik” агенттиги билдиргендей, Хубэй провинциясында көз жумган адамдардын бардыгы Ухань шаарынын тургундары болгон. Айрым маалымат каражаттары Кытай бийлигинин статистикасына таянып, дүйнө жүзүндө вируска чалдыккандардын саны 1126га (1106 адам Кытайда жана 20 киши башка өлкөлөрдө) ошондой эле көз жумгандардын саны 41ге жеткенин кабарлады. 

Пекин шаарынын бийлиги өлкөдө белгисиз вирустун жайылып жатканына байланыштуу бул шаарда өтө турган жаңы жылдык майрамдар  жокко чыгарылганын билдирди. Азыркы тапка чейин коронавирусту жуктуруп алгандар Таиланд, Сингапур, Франция, Япония, Түштүк Корея, Америка, Непал жана Вьетнамда катталды.

Комментарий жиберүү