Пентагон: Ирандын ракеталык чабуулунан 34 аскер жабыркаган

Пентагондун басма сөз катчысы Ирандын Ирактагы “Айн аль-Асад” америкалык базасына жасаган ракеталык чабуулунан 34 аскер мээсинен жабыркаганын ачыктады.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Пентагон Ирандын ракеталык чабуулунан жабыркаган америкалык аскерлер боюнча билдирди.
 Пентагондун басма сөз катчысы Джонатан Хоффман маалымат жыйынында базадагы ракеталык чабуулдан жабыркаган аскерлердин санын жана алардын учурдагы абалдарын баяндады.

Белгилей кетсек, мурдараак Америка жетекчилери бул чабуулдан жаракат алгандардын саны 11ге жеткенин маалымадашкан. Берилген маалыматтарга караштуу, жаракат алган аскерлердин айрымдары дарыланууга Германияга, Кувейтке жиберилишкен.

Эске салсак, Ирандын Сакчылар корпусунун аскерлери генерал Касем Сулейманинин террордолушуна карата жооп катары Ирактагы америкалык базага ракета аттырышкан.

Комментарий жиберүү