Түркияда катуу жер титирөө болду

Түркиянын чыгышындагы Элязыг провинциясында күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, андан улам 15 киши каза таап, 200дөн ашууну жаракат алды.

Бул туурасында түрк маалымат каражаттары кабарлашканын “Pars Today” агенттиги жазды. Маалыматка караганда, жер силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:45тер чамасында болгон.

Жер титирөөнүн очогу Элязыг провинциясынын Сивридж аймагында 7 чакырым тереңдикте болгондугу айтылууда. Силкинүү катуу болгондуктан, анын күчү Түркиянын Диярбакыр, Ширнак, Мардин, Шанлыурфа, Гюмюшхане, Самсун жана Мардин провинцияларындагы дагы байкалды.

Мындан тышкары, жер силкинүү Түркиянын Иран менен болгон чегара аймагында, Ирак Курдистанында, Сириянын түндүгүндө жана Ливанда дагы байкалды.

Түркиянын расмий адамдары Элязыг провинциясында жүздөгөн үйлөр толугу менен талкалангандыгын билдиришти.

Комментарий жиберүү