Самавий китептер

Самавий китептер

Аллаху таала жиберген сухуфтардын саны жүз, ал эми китептери болсо төртөө. Он сухуф – Адам алейхиссаламга, элүү сухуф–Шит алейхиссаламга, отуз сухуф–Идрис алейхиссаламга, он сухуф–Ибрахим алейхиссаламга жиберилген. “Сухуф” – барактын бир бети дегенди билдирбейт. Чакан китеп, рисала деген сөз. Тоорат китеби Муса алейхиссаламга, Забур китеби Давуд алейхиссаламга, Инжил китеби Иса алейхиссаламга, Курани карим Мухаммед алейхиссаламга жиберилген. Адам бир нерсени айткысы же болбосо сурагысы келсе аны алгач ой элегинен өткөрөт. Адамдын оюндагы бул маанилер “калами нафсий” деп аталат. Аларга арабча, кыргызча же башка бир…

Прочитайте больше

Палестина ТИМи: “Кылымдык келишим” Палестина элинин укуктарына каршы кылымдык келишим

Палестина ТИМи: “Кылымдык келишим” Палестина элинин укуктарына каршы кылымдык келишим

Палестина автономиясынын ТИМи Американын “кылымдык келишим” долбоорун айыптады. Fars News агенттигинин маалыматына ыалйык, Палестина ТИМи Америка президентинин “кылымдык келишим” долбоору боюнча сын пикирин билдирди. Палестина ТИМи билдирген баянда мындай деп айтылган: “Кылымдык келишим” бул – америкалык-израилдик долбоор жана аны Дональд Трамптын күйөө баласы Жерад Кушнер менен кеңешчиси, Кудстагы элчиси Девид Фридман экөө сионисттик режимдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен биргеликте түзүшкөн. Бул долбоор “экономикалык тынчтык” деген маанини камтып, палестиналыктардын Чыгыш Кудста автономиялык өкмөтүн түзүү аркылуу алардын чыныгы…

Прочитайте больше

Жириновский Кытайдагы коронавируска АКШны күнөөлөдү

Жириновский Кытайдагы коронавируска АКШны күнөөлөдү

Орусиянын либералдык-демократиялык партиясынын (ЛДПР) лидери жана бул өлкөнүн Мамлекеттик думасынын депутаты Владимир Жириновский Кытайда жайылып жаткан  коронавирусту АКШнын чагымчылыгы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости маалымдаганын “IRNA” агенттиги жазды. “Америкалыктар экономикада Кытайга жетпей калабыз деп коркушат, ошондуктан алар үчүн көйгөй жаратты. Мындай көрүнүштөр мурда дагы болгон, биз көптөгөн вирустарга күбө болгонбуз”, – деди Жириновский. Коронавирустун Орусияга жетүү ыктымалдуулугу орусиялыктарды катуу тынчсыздандырууда. 25-январда Орусиянын Иркутск облусунда коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан деген шек менен Кытайдын бир жараны аныкталып, ооруканага…

Прочитайте больше

Түркиядагы жер титирөөдө каза тапкандардын саны 38ге жетти

Түркиядагы жер титирөөдө каза тапкандардын саны 38ге жетти

Түркиянын антикризистик башкармалыгы өлкөнүн чыгышындагы Элязыг провинциясында жума күнү болгон күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөөдө 38 адам каза таап, жаракат алгандардын саны 1607ге көбөйгөндүгүн маалымдады. Аталган башкармалыктын билдирүүсүнө караганда, учурда дагы 45 адам уранды алдында калууда. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. “Anadolu” агенттиги маалымдагандай, Түркиянын антикризистик башкармалыгы жаракат алган 1607 кишинин ичинен 1515и ооруканаданы чыгарылганын билдирди. Маалыматка караганда, жер титирегенден кийин 844 силкинүү катталган. 24-январда Түркиянын чыгышындагы Элязыг провинциясында күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө…

Прочитайте больше

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары жугуштуу илдеттин алдын алуу үчүн токтоду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында айтты. – 23-январдан баштап Кытай менен каттамдардын баары токтоду. Өзгөчө «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринде бардык кыймыл-аракеттер токтоду. Билесиздер, Кытай Жаңы жылга байланыштуу дайыма ушул маалда чектөө киргизет. Бирок биз ал чектөөнү дагы күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, өндүрүм ташып келүү да токтоду. Буга чейин Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы да 23-январдан 1-февралга чейин токтогон. Өкмөт башчынын айтымында,…

Прочитайте больше