Американын Ооганстанды бомбалоосу рекорддук чекке жетти

Американын Ооганстанды бомбалоосу рекорддук чекке жетти

Берилген статистикага караштуу, 2019-жылы Америка аскерлеринин Ооганстанга жасаган абадан чабуулу рекорддук санга жеткен. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын аскер күчтөрү Ооганстанга акыркы 14 жылдагыга салыштырмалуу 2019-жылы эң көп ракеталык чабуул жасаган. БУУнун берген статистикасынын негизинде, акыркы 9 айдын  ичинде эле америкалык күчтөр Ооганстанда 579 миң жайкын тургундун курмандыктарына себеп болгон. Ал эми өткөн айдагы Герат шаарына жасалган америкалык учкучсуз учактардын кол салууларынан 15 жайкын тургун набыт кеткен. Ошондой эле өткөн жылдын май айында Ооганстандын батышына…

Прочитайте больше

Казакстанда окуучу кызды зордуктаган адамга химиялык кастрация жасалат

Казакстанда окуучу кызды зордуктаган адамга химиялык кастрация жасалат

24-январда Казакстандын Тараз шаарында сот мектеп окуучусун зордуктаган деп айыпталып жаткан жергиликтүү тургунду 25 жылга эркинен ажыратып, химиялык кастрациядан өтүүгө милдеттендирди. Аты-жөнү айтылбаган 38 жаштагы тургун «Жашы жете элек кызга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү» жана «Жашы жете эле кызды зордуктоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Өкүмгө ылайык, мындан тышкары соттолуучу жабырлануучу тарапка беш миллион теңге (13 миң долларга жакын) төлөп бериши керек. Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек. Таразда 12 жаштагы окуучу кыз мектептин короосундагы…

Прочитайте больше

Пентагон: Ооганстанда Американын учагы кулап түштү, бутага алынган эмес

Пентагон: Ооганстанда Американын учагы кулап түштү, бутага алынган эмес

Американын коргоо министрлиги Ооганстанда өлкөнүн учагы Талибан тарабынан атып түшүрүлгөн деген маалыматты четке кагып, учак кулап түшкөнүн билдирди. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Американын коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү кечинде өлкөнүн бир учагы Ооганстандын Газни провинциясында жерге кулап түшкөнүн билдирип, Талибан тарабынан атып түшүрүлгөнү тууралуу жарыяланган маалыматты четке какты. Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн басма сөз катчысы Газни провинциясында учактын кырсыкка учурашына эмне себеп болгону текшерилип жатканын, бирок, анын атып түшүрүлгөнү боюнча эч кандай белги жок экенин баса белгиледи….

Прочитайте больше

Associated Press: Генерал Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Ирак менен Сириядагы ИШИМдин чабуулдары күч алды

Associated Press: Генерал Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Ирак менен Сириядагы ИШИМдин чабуулдары күч алды

Associated Press агенттиги ирандык генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Ирак менен Сириядагы ИШИМ террордук уюмунун уктап жаткан ячейкалары активдеше баштап, акыркы бир нече аптанын ичинде алардын чабуулдары күч алганын маалымдады. Бул туурасында “Fars News” агенттиги кабарлады. Associated Press агенттиги өз баяндамасында, аймактагы абал айрыкча АКШ менен Ирандын мамилеси чыңалгандан бери ИШИМ экстремисттик тобунун аракеттери күч алганын билдирди. Ирак менен Сириядагы ИШИМ халифаты 2019-жылы оор жеңилүүлөргө учурап, бул топтун лидери Абу Бакр аль-Багдади өлтүрүлгөндөн кийин бир кыйла алсыраган….

Прочитайте больше