Пентагон: “Айн-аль-Асад”базасына жасалган чабуулда 50 аскер жаракат алган

Пентагон Ирандын АКШнын Ирактагы “Айн-аль-Асад” аскердик базасына жасалган ракеталык чабуулунда америкалык 50 аскер мээсинен жабыркаганын билдирди.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “CNN” телеканалына шилтеме берип кабарлады. Өткөн аптада Пентагондогу расмий адамдар Ирандын ракеталык чабуулунда 34 гана аскер жаракат алганын билдирген эле.

Пентагондун расмий өкүлү Томас Кэмпбелл өз билдирүүсүндө бүгүнкү күнгө чейин АКШнын куралдуу күчтөрүнүн 50 аскеринин баш мээси жабыркаганын тастыктайбыз деп билдирди.

Анын айтымында, 50 адамдын ичинен 31и медициналык жардамды Ирактан алып, кайрадан өз миссияларына кайткан. Ошондой эле 18 аскер дарылануу үчүн Германияга которулган. Дагы бир аскер медициналык жардам алуу үчүн Кувейтке которулган, учурда ал өз миссиясына кайтып келди.

Пентагондогу бир катар расмий адамдар жабыркагандардын саны өзгөрүшү мүмкүн экенин “CNN” телеканалына билдиришкен.

Эске салсак, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп жана Пентагон Ирандын өч алуу максатында жасаган соккусунан бир дагы америкалык аскер жабыркаган жок деп билдирген.

Комментарий жиберүү