Саудиянын «Aramco» мунай объекттерине жаңы ракеталык чабуул жасалды

Саудиянын «Aramco» мунай объекттерине жаңы ракеталык чабуул жасалды

Сауд Аравия бийлиги «Saudi Aramco» мунай компаниясынын объекттерине кайрадан ракеталык чабуул жасалгандыгын маалымдады. Бул туурасында «ISNA» агенттиги «The Wall Street Journal» басылмасына шилтеме берип кабарлады. Маалыматка ылайык, Сауд Аравиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн кечээ, 29-январдагы билдирүүсүндө, өткөн аптада Сауд Аравиянын абадан коргонуу системалары «Saudi Aramco» мунай компаниясынын объекттерине багытталган ракеталарды кармап, жок кылгандыгы айтылды. Буга чейин Йемендин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы Яхья Сари ракеталык чабуулга жоопкерчиликти алып, “Агрессорлордун абадан жасаган чабуулдарын күчөтүшүнө жооп кайтарып, ракеталык жана аскер-аба…

Прочитайте больше

Турсунбай Бакируулу: “АКШдан Кыргызстанга беш машина доллар келген”

Турсунбай Бакируулу: “АКШдан Кыргызстанга беш машина доллар келген”

Турсунбай Бакир уулу  Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана алгачкы Акыйкатчысы, кыргыз коомчулугунда белгилүү саясатчы, 1990-1991-жылдардагы Баткен окуяларында Афганистандан кол салган жоочуларга туткунга түшкөн кыргыз армиясынын жоокерлерин бошотууда дипломатиялык милдетти ийгиликтүү аткарган жана башка коомдук ишмердүүлүктөрү менен да таанымал. Ал мындан бир нече жыл мурда Израилдин Палестина элине карата геноцид мамилесине каршылык иретинде сионисттердин желегин айрып, журналисттерге интервью бергендиги да белгилүү. Ошондой эле Американын ар кандай үстөмдүк жүргүзгөн саясатын да айыптап келет. Бүгүн жергиликтүү телеканалдардын бирине Америкадан…

Прочитайте больше

Израидин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул жасашты

Израидин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул жасашты

Шаршемби күнү Израилдин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул коюшту. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Израилдин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул коюп, анда намаз окуп жатышкан палестиналыктарды күч менен кууп чыгышкан. Израилдин аскерлери чабуулда каршылык көрсөткөн палестиналыктарды камакка алышты. Ошондой эле, мечиттегилерди чыгаргандан кийин, Аль-Аксанын бардык эшиктерин жана эски бөлүгүнүн дарбазаларын жаап коюшкан. Сионист аскерлеринин бул аракети Америка президентинин “Кылым келишими” деп аталган долбоору жарыялангандан бир күн өткөн соң жасалды. 28-январда АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен…

Прочитайте больше

Коронавирус кайсы өлкөлөргө жетти?

Коронавирус кайсы өлкөлөргө жетти?

АКШдагы Жонс Хопкинс университетине байланыштуу интер-порталдын маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан адамдардын саны 6000ден ашып, вирус дүйнөнүн 15тен ашуун өлкөсүнө тарады. Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги кабарлады. “Gisanddata” интернет-порталы коронавирус дүйнөнүн  кайсы өлкөлөрүнө жеткендиги жана аны канча адам жуктуруп алгандыгы боюнча статистиканы жарыялады. Аталган интернет-порталда жарыяланган статистикага ылайык, 29-январга карата дүйнө жүзүндө 6165 киши вирусту жуктуруп алгандыгы аныкталса, алардын ичинен 6070 киши Кытайда катталган. Билдирүүгө караганда, Таиландда 14 киши, Гонконгдо 10, Тайванда 8, Японияда…

Прочитайте больше