Израидин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул жасашты

Шаршемби күнү Израилдин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул коюшту.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Израилдин аскерлери Аль-Акса мечитине чабуул коюп, анда намаз окуп жатышкан палестиналыктарды күч менен кууп чыгышкан.

Израилдин аскерлери чабуулда каршылык көрсөткөн палестиналыктарды камакка алышты. Ошондой эле, мечиттегилерди чыгаргандан кийин, Аль-Аксанын бардык эшиктерин жана эски бөлүгүнүн дарбазаларын жаап коюшкан.

Сионист аскерлеринин бул аракети Америка президентинин “Кылым келишими” деп аталган долбоору жарыялангандан бир күн өткөн соң жасалды.

28-январда АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен бирге Ак Үйдө “Кылым келишими” деп аталган долбоорду жарыялашкан.  “Кылым келишими” – АКШ тараптан сунушталган жаңы план болуп саналат жана ал Палестина элин укуктарынан ажыратат. Бул план кээ бир араб өлкөлөрүнүн, анын ичинде Сауд Аравиясынын кызматташтыгы жана макулдашуусу менен даярдалган.

Бул долбоор Иерусалимди Израилге баш ийдирет жана каршылык күчтөрүн күрөшүү, качкындарды өз өлкөсүнө кайтып баруу укугунан ажыратат.

Мындан тышкары, долбоорго ылайык, Палестинага Батыш Шериада жана Газа тилкесиндеги калган жерлер гана менчик болуп калат.

Палестинанын бардык топтору бул келишимге каршы экенин билдиришти жана көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде мусулман өлкөлөрү бул долбоорду айыпташты.

Комментарий жиберүү