Коронавирус кайсы өлкөлөргө жетти?

АКШдагы Жонс Хопкинс университетине байланыштуу интер-порталдын маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан адамдардын саны 6000ден ашып, вирус дүйнөнүн 15тен ашуун өлкөсүнө тарады.

Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги кабарлады. “Gisanddata” интернет-порталы коронавирус дүйнөнүн  кайсы өлкөлөрүнө жеткендиги жана аны канча адам жуктуруп алгандыгы боюнча статистиканы жарыялады.

Аталган интернет-порталда жарыяланган статистикага ылайык, 29-январга карата дүйнө жүзүндө 6165 киши вирусту жуктуруп алгандыгы аныкталса, алардын ичинен 6070 киши Кытайда катталган.

Билдирүүгө караганда, Таиландда 14 киши, Гонконгдо 10, Тайванда 8, Японияда 7, Макаодо 7, Малайзияда 7, Сингапурда 7, Австралияда 5, Америкада 5, Францияда 4, Германияда 4, Түштүк Кореяда 4, БАЭде 4, Канадада 2, Вьетнамда 2, Камбоджада 1, Непалда 1, Финляндияда 1 жана Шри-Ланкада 1 адам вируска чалдыккан.

Комментарий жиберүү