Сабыр

Сабыр

Суроо: Сабырдын мааниси кандай? Эмнеге сабыр кылуу сооптуураак? ЖООП Сабыр үч түрдүү болот. Алардын эң маанилүүсү күнөө кылбоого сабыр кылуу. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:  “Сабыр үч түрдүү болот: 1. Кайгы дартка сабыр. 2. Динин үйрөнүүдө жана ибадат кылууда сабыр. 3. Күнөө кылбоо үчүн сабыр кылуу. Кайгы дартка сабыр кылган адамга 300, ибадат кылууга сабырга 600, күнөө кылбоого сабыр кылууга 900 даража жакшылык берилет.” [Эбушшейх] Курани каримде сабыр кылуунун мааниси көптөгөн аяттарда айтылган. Үч аятта мына булар…

Прочитайте больше

Израиль Батыш жээкте жөөт конуштарын кеңейтүүдө

Израиль Батыш жээкте жөөт конуштарын кеңейтүүдө

Израилдин коргоо министри Нафтали Беннет Иордандын Батыш жээгинде 1800 жаңы үй куруу планына жашыл чырак көрсөттү. Бул тууралуу “ISNA” агенттиги “RT Arabic” телеканалына шилтеме берип жазды. Нафтали Беннет Иордандын Батыш жээгинде 1776 жаңы үй куруу чечими кабыл алынганын, анын ичинен 620 жаңы үй  Эли шаарчасына жана 534 үй Швут Рахель шаарчысына куруларын өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды. План бекитилгенден кийин Нафтали Беннет жөөт конуштарын куруу ишмердүүлүгү улантыларын айтып, бул аймактан арабдарга бир сөөм жер да берилбестигин белгиледи. АКШ…

Прочитайте больше

Германиянын мыйзам чыгаруучулары: Генерал Сулейманинин өлүмүнө Меркелдин өкмөтүнүн катыштыгы бар

Германиянын мыйзам чыгаруучулары: Генерал Сулейманинин өлүмүнө Меркелдин өкмөтүнүн катыштыгы бар

Германия парламентинин 8 өкүлү 27-февралда аталган өлкөнүн канцлери Ангела Меркелге жана анын бир катар министрлерине каршы ирандык генерал Касем Сулейманини  өлтүрүүгө катыштыгы бар үчүн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Эл аралык маалымат каражаттары кабарлашкандай, арыз менен кайрылган парламент өкүлдөрүнүн айтымында, Американын аба күчтөрү генерал Сулейманини өлтүрүүдө Германиянын аймагында жайгашкан америкалык “Ramstein” аба-базасын колдонушкан. Германия парламентинин өкүлдөрүнүн бири Александр Ной ирандык генералды өлтүрүү үчүн колдонулган дрондор Германиядагы “Ramstein” аба-базасында жайгашкан ретранслятор аркылуу башкарылганын…

Прочитайте больше

Тажикистандын 48 жараны Меккеге жете албай, Дубайда калышты

Тажикистандын 48 жараны Меккеге жете албай, Дубайда калышты

Умра жана хаж зыяратына жөнөшкөн 48 тажикстандык жаран Меккеге кирүүлөрүнө тыюу салынды. CentralAsia (TJ): Сауд Аравия өкмөтү 26-февралда Мекке менен Мединага кирүүгө  убактылуу тыюу салды.Орто жолдо калышкан зыяратчылардын жакындары алардын абалдарына тынчсызданышууда жана зыяратчыларды умрага жиберишкен компаниялар учурда түшүндүрмө берүүдөн баш тартышууда. Белгилей кетсек, Тажикстандын дин иштери боюнча комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким 27-февралда билдирүү жасап, тажикстандык зыяратчылар БАЭнин Дубай шаарында калышып, Сауд Аравия өкмөтүнүн чечимин күтүп жатышканын жарыялаган. “Эгер Сауд Аравия өкмөтү өлкөгө кирүүгө…

Прочитайте больше

Кытай короновирус менен өз ыктыярдуу тапшырылгандарга 1430 доллар төлөп берет

Кытай короновирус менен өз ыктыярдуу тапшырылгандарга 1430 доллар төлөп берет

Кытай өкмөтү COVID-19 вирусунун жайылышын токтотуу максатында өз ыктыяры менен анализ тапшырган бейтаптардын ар бирине 1430 доллар төлөп бермекчи. CentralAsia (CA): Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Хубэй провинциясынын Фанянь округунун өкмөтү текшерүүгө өз ыктыяры менен келген ар бир бейтапка 143 доллар жана ооругандар боюнча маалымат жеткиргендерге 71,5 доллардан төлөп берүүгө сөз беришкен. Кийинчерээк, коронавируска шектүүлөр боюнча маалымат бергендерге сыйлык төлөө иши башка шаарларда да башталган. Буга кошумча Дэян шаарынын өкмөтү Сычуань провинциясынан тышкары сапар тартканын жашыргандар, массалык…

Прочитайте больше

Аллаху таала бар жана Ал жалгыз

Аллаху таала бар жана Ал жалгыз

Айлана чөйрөбүздө болуп жаткандарды биз сезүү органдарыбыз аркылуу билебиз. Сезүү органдарыбызга таасир этүүчү нерселер “болмуш” деп аталат. Болмуштардын сезүү органдарыбызга тийгизген таасири “өзгөчөлүк” же “сыпат” деп аталат. Болмуштар бири-бири менен ошол өзгөчөлүктөр аркылуу айырмаланат. Жарык, үн, суу, аба, айнек – булар болмуш (дене) б.амавжуд(бар) нерселер. Салмак жана көлөмгө ээ болгон нерселер “материя” деп аталат. Материялар бири-бири менен спецификалык сыпаттары аркылуу өзгөчөлөнөт. Аба, суу, таш, айнек, булар – материя. Ал эми, жарык жана үн болсо материя…

Прочитайте больше

CNN: Америкада коронавируска чалдыккандардын саны 60тан ашты

CNN: Америкада коронавируска чалдыккандардын саны 60тан ашты

CNN агенттиги америкалык аткаминерлер өлкөдө COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 60тан ашты деп жарыялашканын тастыктады.  Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, алдыраак Американын Саламаттыкты Сактоо министрлиги өлкөдө бул вирус тез жайылышы боюнча эскертүү жасаган. Американын Дем алуу органдарынын оорулары жана иммундук система бөлүмүнүн жетекчиси Нэнси Мосонье бул тууралуу мындай деп билдирген: Биз бул вирустун жайылышына күбө болобуз деп күтүүдөбүз. Албетте, маселе бул нерсе болобу же болбойбу дегенде эмес. Маселе бул окуя качан болот жана андан канча адам жабыркайт?-…

Прочитайте больше

Жо Байден: 2007-жылдан бери 150 млн. америкалык курал-жарактан өлдү

Жо Байден: 2007-жылдан бери 150 млн. америкалык курал-жарактан өлдү

Американын экс-вице-президенти шайлоолук дебатта 2007-жылдан бери 150 млн. америкалык куралдан өлгөнүн билдирди. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Америка Когрессинин демократтар партиясынын президенттикке талапкери шайлоолук дебатка катышты.Бул дебатта Жо Байден өлкөдөгү курал-жарак чыгаруу маселесине кайрылып, акыркы 13 жылдын ичинде 150 миллиондой америкалык куралдуу болуп өлүшкөнүн ачыктаган. Белгилей кетсек, 25-февралдагы дебатта Берни Сандерс курал-жарактарга тыюу салуу жаман натыйжа алып келээрин билдирип, мындай деген: “Мындан 30 жыл мурда Конгресстик шайлоолордо жеңилип калгам, анткени өлкөдө курал-жарак сатууга тыюу салуу мыйзамын…

Прочитайте больше

Иранда коронавирустан 39 адам айыкты

Иранда коронавирустан 39 адам айыкты

Иранда коронавирустун жаңы түрүн жугузуп алган 39 адам айыкты. Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги “Fars News” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Маалыматка караганда, вирустан айыккандар өлкөнүн ар кайсы райондорунда, анын ичинде Кум, Гилян, Исфахан, Альборз, Голестан, Маркази, Хормозгон жана Керманшахта катталды. Вируска кабылгандардын көбү Кум шаарында айыгып, алардын саны 30га жетти. Ирандын вице-президенти Эсхак Жахангири өзүнүн Твиттердеги баракчасынан өлкөдө коронавирус менен  күрөшүп жаткандарга ыраазычылык билдирди.

Прочитайте больше

Сауд Аравия хаж жана умра зыяраттарын убактылуу токтотту

Сауд Аравия хаж жана умра зыяраттарын убактылуу токтотту

Сауд Аравия 26-февралда COVID-19 вирусунун таралышынан улам зыяратчыларды хаж жана умрага кабыл албай турганын жарыялады. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жайылуу коркунучунан улам,  Сауд Аравиянын тышкы иштер министрлиги бул өлкөгө зыяратчылардын кирүүсүнө убактылуу тыюу салынарын жарыялады. Билдирүүдө хаж жана умра ошондой эле Мединадагы Пайгамбарыбыздын (с.а.в) мечитин зыярат кылууга тыюу салынары белгиленген. Бул чечимге байланыштуу COVID-19 вирусу таралган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү иши да токтотулмакчы. Албетте, Сауд Аравияда бул вируска кабылгандардын так саны…

Прочитайте больше

Шакирттин адеби

Шакирттин адеби

Суроо: Эски шакирттер устаздарына, б.а., муршид-и камилге карата адепке кандай көңүл бөлүшкөн? ЖООПАхмед Ясеви хазреттери буюрган: Шакирттин устазына карата сактоосу керек нерселерден кээ бирлери мына булар: 1- Устаздын шакирттеринин бардыгынан жогору экендигин билүү жана ага толугу менен таби жана таслим болуу (б.а., баш ийүү). Ага уйуп ичип-жеш же уктоо ага уйбастан түнү бою намаз окуудан жана күнүгө нафил орозо кармоодон да пайдалуу. Себеби, биринчисинде уйуу жана таслим болуу, экинчисинде болсо өз акылына салып аракет кылуу бар….

Прочитайте больше

Түркия менен Ирандын чек арасында талаа госпиталы түзүлдү

Түркия менен Ирандын чек арасында талаа госпиталы түзүлдү

Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа коронавирустун жайылышына  байланыштуу Түркия менен Ирандын чек арасында талаа госпиталдары түзүлгөнүн маалымдады. Бул туурасында “Sputnik” агенттиги кабарлады. “Учурда ирандык жарандардын Түркияга кирүүсүнө тыюу салдык. Иран менен болгон чек арага талаа госпиталдарын түздүк. Кытайдан келгендердин баарын 14 күнгө карантинге алабыз. Ирандын Кум жана Мешхед шаарларынан келгендер чек арада түзүлгөн талаа госпиталдарына 14 күнгө карантинге алынат”, – деп белгиледи министр. “Коронавирус коркунучу Түркиянын чек араларына жетип калды. Вирустун таралышы биздин аймакта өсүп жатат….

Прочитайте больше

Америка өлкөдө коронавирустун таралышы боюнча эскертүү жарыялады

Америка өлкөдө коронавирустун таралышы боюнча эскертүү жарыялады

Американын жугуштуу илдеттерди көзөмөлдөө борбору тургундарга коронавирустун таралышы боюнча эскертүү жарыялады. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык,  Американын Эмдөө жана респиратордук ооруларды алдын алуу боюнча борборунун жетекчси Нэнси Мосонье өлкөдө коронавирус илдети жайылышы боюнча ыктымал берди. Анын айтымында, бул нерсе убакытка байланыштуу жана тургундар ар дайым даяр болуп, өз жашоолорунда тазалыкты сактоо эрежелерин аткаруулары зарыл. Белгилей кетсек, 24-февралда Американын президенти бул вирустун таралышын алдын алуу үчүн Конгресстен 2,5 млрд. доллар бөлүүсүн жана 1 млн. долларга вакцина даярдоолорун талап…

Прочитайте больше

Ооганстан президентинин инаугурациясы 2 аптага артка жылдырылды

Ооганстан президентинин инаугурациясы 2 аптага артка жылдырылды

Ооганстандын Туруктуулук жана жакындаштыруу тобунун Жогорку мүчөсү Фазл Ахмад Мааънави  президенттин инаугурациясы 2 апатага кечиктирилээрин билдирди. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Американын Ооганстан маселелери боюнча атайын өкүлү Залми Халилзад Ооганстандын Улуттук биримдик өкмөтүнүн аткаруучу президенти Абдулла Абдулла менен жолугушуп, Ашраф Ганинин инаугурациясы 15 күн артка жылдырылганын билдирген. Белгилей кетсек, өлкөнүн президенти бул кабарга азырынча жооп бере элек. Алдыраак Ооганстан президентинин инагурациясы ушул аптанын бейшемби күнүнө белгиленген эле.  Эске салсак, Ооганстан шайлоолорунун көз карандысыз комиссиясы 18-февралда Мухаммад…

Прочитайте больше

Иран Израилдин Газадагы террордук аракетин айыптады

Иран Израилдин Газадагы террордук аракетин айыптады

Иран ТИМнин басма сөз катчысы сионисттик режимдин Газага чабуулун жана Ислам кыймылынын мүчөлөрүн террордоосун айыптады. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режимдин согушкерлери кечээ Газанын бир канча аймактарын бомбалашты. Белгилей кетсек, бул режим 23-февралда Мухаммад Наим аттуу палестиналык жаш жигитти курман кылган соң, Газа тилкесинде анын табытын бульдозер менен тебелеткен. Ал эми 24-февралда Сурая аль-Кудс аймагына кол салышып, андагы “Ислам жихады” тобунун 2 мүчөсүн терррордошкон. Бул окуяларга байланыштуу Иран ТИМнин басма сөз катчысы Саид Аббас Мусави…

Прочитайте больше
1 2 3 8