Марокко тууралуу канчалык билесиңер? (фото)

Марокко жөнүндө баарын билем дегендер үчүн 10 жаңылык.

Islam Today: Марокко бул ар тараптан Сахара чөлүнүн дөбөлөрүнө курчалган араб өлкөсү.  Марокконун 99% жашоочулары мусулмандар. Ал эми өкмөттүн баш мыйзамы: “Берешен жана сабырдуу Исламдын чыныгы акыйдасы менен түпкү максаттары”, – деген преамбула менен башталган. Түндүк Африка өкмөтү бай тарыхка жана жаратылыш мурастарына ээ. Төмөндө сиздерге жаңылык боло тургандай Марокко боюнча 10 фактыга назарыңыздарды бурабыз:

1.Эң кызыгы Мароккодо вегетариандар жокко эсе.
2.Мароккого барып калсаңыз “кус-кус”, “тажин”, “шакшука” деген улуттук тамактарды сөзсүз түрдө даамдап көрүңүз. Анткени бул жердегидей эч бир дүйнөдө мындай тамактарды даамдуу жасашпайт.
3.Марокколуктар жалбыз кошулган таттуу көк чайды өтө жакшы көрүшөт. Мындай чай ысыкта сергитет.
4.Марокконун эмеректери көбүнчө кызыл жана мала кызыл түскө боелгон.
5.Марокконун эң кооз мечиттеринин бири Касабланкада жайгашкан Хасан II мечити болуп саналат.
6.Арабдардын аза кийими кара түстө эмес, баарына жаккан ак түстөгү кийим болуп эсептелет.
7.Марокконун дирхам акча бирдиги дүйнөдөгү эң туруктуу валюталарга кирет.
8.Марокконун тоолорунда карлар бир канча ай ээрибей жатат, андыктан кышында лыжа тепкенге ыңгайлуу.
9.Ар бир 800 000 марокколук тургундарга 1 гана стоматолог туура келет, ушул себептен көпчүлүгү тиш даарылап отурбай аны жулуп салууну туура көрүшөт.
10.Мараккеш шаарынын аба температурасы жайында 35-40 градуска көтөрүлөт. Бул шаардагы үйлөр ачык түстө боелгондуктан, ал шаарды “Кызыл шаар” деп аташат.

Комментарий жиберүү