Пентагон: Ирандын «Айн аль-Асад» базасына жасаган соккусунда АКШнын 109 аскери мээсинен жабыркаган

АКШнын коргоо министрлиги Ирандын АКШнын Ирактагы “Айн аль-Асад” аскердик базасына 8-январда жасаган ракеталык чабуулунда 109 америкалык аскер мээсинен жабыркаганын бүгүн эртең менен маалымдады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. “Бүгүнкү күнгө чейин 109 аскер мээсинен жабыркаганы аныкталып, алардын саны буга чейинки баяндамага салыштырмалуу 45 кишиге көбөйдү”, – деп айтылат АКШнын коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Билдирүүгө караганда, азыркы тапта жабыркаган аскерлердин ичинен 76сы өз милдеттерин аткарууга кайтып барды. Алардын ичинен 75 аскер Ирактан жардам алып, бир аскер Германиядан  дарыланып келген. Мындан тышкары, 27 аскер Германияга дарыланууга жөнөтүлүп, кайра алардын 21и АКШга которулган.

8-январь таңга маал Иран Ислам революциясынын сакчалар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу максатында Ирактагы АКШнын аскерлери жайгашкан эки базага баллистикалык ракеталар менен сокку урган. Ирандын чабуулунан кийин АКШ президенти Дональд Трамп  “Айн аль-Асад” базасына жасалган ракеталык чабуулда бир дагы америкалык аскер жабыркаган жок деп билдирген. Бирок бара-бара АКШнын коргоо министрлиги Ирандын ракеталык чабуулунда бир катар америкалык акерлер жабыркаганын моюнга ала баштаган.

Комментарий жиберүү