Түркияда АКШнын “Кылым келишимине” каршы массалык демонстарция өттү

Түркиянын Диярбакыр, Сакарья жана Стамбул шаарларында жүз миңдеген адамдар АКШнын “Кылым келишимине” каршы демонстрация уюштурушуп, Палестина элине каршы кутумчумчулукту айыпташты.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Нааразычылыкка чыккан Түркиянын мусулман эли “Иерусалим менен бирге “Кылым келишимине” каршы турабыз” деген ураандарды чакырышып, Палестинанын желектерин колдоруна көтөрүшүп, бул өлкөнүн эзилген элине колдоолорун билдиришти.

Буга чейин бир катар мусулман өлкөлөр, ал тургай кээ бир Европа өлкөлөрүндөгү мусулман эмес элдер АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган планга байланыштуу Америкага жана Израилге каршы демонстрацияларды өткөрүшкөн. Түркиялыктардын демонстрациясынын алдында бул өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган “Кылым келишими” деп аталган план – аймактагы тынчтык жараянын коркунучка кептей турган жөн гана кыял деп билдирген.

Эл аралык коомчулуктун АКШ президентинин маскаралык жана адамгерчиликсиз планына каршы нааразычылыктарынан улам бул пландын ишке ашырылышы күмөн. Айрыкча бул “Кылым келишими” ислам дүйнөсүнө сокку уруп, Палестина элинин тагдырын талкалайт. Аймактагы жана дүйнөдөгү эксперттер АКШнын бул планы ишке ашырылбайт деп эсептешүүдө.

Азербайжандын саясий серепчиси Тофик Аббасов Трамп менен Нетаньяху тарабынан сунушталган “Кылым келишимин”  маскаралык документ деп атады. Анын айтымында, ал план Палестина элинин көйгөйүн чечпейт жана толугу менен адилетсиз, ал бир гана сионист режиминин кызыкчылыгын көздөйт.

Комментарий жиберүү