Махмуд Аббас: “Кылым келишими” бул-расизм

Махмуд Аббас: “Кылым келишими” бул-расизм

Палестинанын президенти Махмуд Аббас шейшемби күнү Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Палестина тууралуу сөз сүйлөп, “Американын “Кылым келишими” долбоору расизмдин турукташына себеп болот”, – деди. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады.Махмуд Аббас палестиналыктар америкалыктардын “Палестина маселесин” жоюу үчүн жарыялаган “Кылым келишимине” каршы күрөшөрүн баса белгиледи.28-январда Ак үйдө Американын президенти Дональд Трамп Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен бирге “Кылым келишими” долбоорун жарыялаган.“Кылым келишими” Палестина элинин укуктарын чектөө максатында Американын өкмөтү тарабынан демилгеленген долбоор. Бул долбоор айрым араб өлкөлөрүнүн, анын ичинде…

Прочитайте больше

Судан экс-президентин Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп берет

Судан экс-президентин Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп берет

Судан өкмөтү өлкөнүн экс-президенти Омар аль-Баширди Эл аралык кылмыш сотуна тапшырып берүүнү чечти. СеntralAsia (CA): Башир 2003-жылы Дарфур чыр-чатагындагы аскердик жынаяттары, геноцид жана инсандыкка каршы кылмыштары үчүн күнөөлөнгөнүн Aljazeera агенттиги билдирди. Белгилей кетсек, ЭКС 2009-жылы аль-Баширди камакка алуу чечимин чыгарган эле. Эске салсак, Дарфур чыр-чатагында 300-500 миң адам курман болгон. БУУнун качкындар маселеси боюнча Жогорку комиссары 2003-жылы декабрь айында кошуна Чад өлкөсүнө 30 миң судандык качканын жана кийинки 3 айдын ичинде 11-135 миңге жеткенин билдирген. Аль-Башир…

Прочитайте больше

Назарбаев Кордайдагы окуя боюнча пикирин билдирди

Назарбаев Кордайдагы окуя боюнча пикирин билдирди

11-февралда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кордайдагы окуя боюнча алгачкы жолу пикирин билдирди. — Болуп өткөн окуя менин тынчымды алууда. 30 жыл аралыгында биз оор күндөрдү баштан өткөрдүк. Казакстанда 130 ишкана жабылып, 2,5 миллион адам жумушсуз калган. Азык-түлүк тартыш болуп, үйлөргө жылуулук берилбей калган. Бул кыйынчылыктардын бардыгын бирге жеңдик. Ал кезде биздин көп улуттуу калкыбыз биригип, туруктуулукту камсыз кылбаганда, бүгүн биздин өлкөгө чет өлкөлүк инвесторлор келмек эмес. Казакстан элдеринин ассамблеясы жана анын…

Прочитайте больше

Орусия Кантка аба соккусунан коргогон техника орнотууну пландап жатат

Орусия Кантка аба соккусунан коргогон техника орнотууну пландап жатат

Орусия Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазасына аба соккуларынан коргой турган техника орнотууну көздөп жатат. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков Канттагы базанын макамы жана анын жайгашуу шарттары боюнча протоколду ратификациялоо боюнча Мамлекеттик Думанын жыйынында билдирди, – деп жазат РИА Новости. Президент Владимир Путиндин 2019-жылы Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылган. Протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген. Орусия тарап бирдиктүү базадагы жерди колдонуш…

Прочитайте больше