Махмуд Аббас: “Кылым келишими” бул-расизм

Палестинанын президенти Махмуд Аббас шейшемби күнү Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Палестина тууралуу сөз сүйлөп, “Американын “Кылым келишими” долбоору расизмдин турукташына себеп болот”, – деди.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады.
Махмуд Аббас палестиналыктар америкалыктардын “Палестина маселесин” жоюу үчүн жарыялаган “Кылым келишимине” каршы күрөшөрүн баса белгиледи.
28-январда Ак үйдө Американын президенти Дональд Трамп Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен бирге “Кылым келишими” долбоорун жарыялаган.
“Кылым келишими” Палестина элинин укуктарын чектөө максатында Американын өкмөтү тарабынан демилгеленген долбоор. Бул долбоор айрым араб өлкөлөрүнүн, анын ичинде Сауд Аравиясынын катышуусунда даярдалган.
“Кылым келишими” долбоору Иерусалимди Израилге баш ийдирип, каршылык күчтөрүн күрөшүү жана качкындарды өлкөсүнө кайтып баруу укугунан ажыратат.
Палестинанын бардык топтору долбоорго каршы экенин билдиришүүдө.
Көптөгөн өлкөлөр, дүйнө жүзү боюнча саясий жана диний өкүлдөр, айрыкча мусулмандар бул долбоорду сынга алышып, каршы экенин бидиришүүдө.

Комментарий жиберүү