Судан экс-президентин Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп берет

Судан өкмөтү өлкөнүн экс-президенти Омар аль-Баширди Эл аралык кылмыш сотуна тапшырып берүүнү чечти.

СеntralAsia (CA): Башир 2003-жылы Дарфур чыр-чатагындагы аскердик жынаяттары, геноцид жана инсандыкка каршы кылмыштары үчүн күнөөлөнгөнүн Aljazeera агенттиги билдирди.

Белгилей кетсек, ЭКС 2009-жылы аль-Баширди камакка алуу чечимин чыгарган эле.

Эске салсак, Дарфур чыр-чатагында 300-500 миң адам курман болгон. БУУнун качкындар маселеси боюнча Жогорку комиссары 2003-жылы декабрь айында кошуна Чад өлкөсүнө 30 миң судандык качканын жана кийинки 3 айдын ичинде 11-135 миңге жеткенин билдирген.

Аль-Башир Суданды 1989-жылдан бери башкарып келген, ал эми өткөн жылдын жазында Авад ибн Ауф жетектеген аскердик кеңеш аркылуу кызматтан четтетилген.

Комментарий жиберүү