Иран Израилге эскертүү берди

Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Аббас Мусави эгер Израиль Ирандын аймактагы кызыкчылыктарына каршы  аракет кыла турган болсо, анда ал Ирандын кыйратуучу жообуна туш болот деп эскертүү берди.

Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги “IRNA” агенттигине шилтеме берип жазды. Мусави Израилдин бир аткаминеринин коркутууларына жооп кайтарып, “Иран Ислам Республикасы Израилдин биздин өлкөнүн Сириядагы жана аймактагы кызыкчылыктарына каршы ар кандай агрессиясына жана акылга сыйбаган аракеттерине кыйратуучу жооп кайтарат”, – деп билдирди.

Ошондой эле ал Иран Сирияда Дамасктын  чакыруусу жана макулдашуусу менен жүргөнүн айтып, Ирандын Сирияда катышуусунун максаты террорчулукка каршы күрөшүү болуп саналарын белгиледи.

Комментарий жиберүү