Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 1310 адамга жетти

Кытай коронавирустан дагы 242 адам каза болуп, илдеттен улам өлгөндөрдүн саны 1310 адамга жеткенин билдиришти.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай өкмөтү коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен каза болгондордун саны 1310 адамга жеткенин маалымдашты.

Хубэй провинциясынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, шаршемби күнү аталган илдеттен дагы 242 адам өлгөн.
Ошондой эле, Кытай өкмөтү шаршемби күнү күн сайын адам өмүрүн алып жаткан вирусту жуктуруп алган 14 миң 840 адам катталганын билдирди. Ошентип, Хубей провинциясында аталган илдетке чалдыккандардын жалпы саны 58 миңге жетти.

9-январда кытайлык эпидемиологдор Ухань шаарында вирустун жаңы түрү – коронавирус (2019-nCoV) пайда болгонун аныкташкан.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус – бир нече ооруну – сасык тумоодон баштап курч респиратордук белгилерди пайда кыла турган вирустардын топтому. Вирустардын 39 түрү бар, алардын ичинен алтоосу адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат.

Коронавирус жуктуруп алган адам чыйрыгып, жөтөлүп, күйүгүп, дем алууда кыйналат. Оору күчөп кеткенде өпкө сезгенип, бөйрөктүн иштөө функциясы бузулат.

Комментарий жиберүү