Тажикстан өкмөтү балдарга “ылайык эмес” аттардын тизмесин жарыялады

Тажикстан өкмөтү ата-энелерге өз балдарына чет өлкөлүк аттардан койбоого үндөдү.

Islam-Today: Тажикстандын тил жана терминология боюнча комитети балдарга ылайык болбогон аттардын тизмесин жарыялады.
Комитеттин өкүлү Олимжон Мухаммаджонзоде 2019-жылы атайын эксперттер миңден ашуун аттарды тескөөгө алышып, алардын ичинен 373 атты “жараксыз” деп жарыялаганын билдирди.

Анын айтымында, аттардын көбү “Тажикстандын менталитети менен маданиятына ылайык келбеген аттар” болгон.

Ал эми учурда эл арасында арабча, түркчө жана башка белгилүү сериалдардагы аттар популярдуу болууда. Мисалы, Ясмина, Дария, Лейла, Ясира, Хурем, Айша, Эсмира –деген аттар көбүрөөк тандалууда. “Алар кыздарын Лейла же Хурем деп атагылары келет, ал эми “Хуррам”деп эле тажикче койсоңорчу?,- деп сурасаң жактырышпайт, сериалдардан ат койгулары келет”,- деди Олимжон.

Комитеттин өкүлү учурда эң мыкты адистер аркылуу 3360 “жакшы жана угумдуу” аттардын тизмеси чыгарылганын билдирди.
Албетте, мыйзам боюнча кандайдыр бир ат коюга тыюу салуу жок болгону менен ата-энелерге адистердин кеңешине кулак салууларына чакыруу жасалат,- деди ал.

Комментарий жиберүү