Япония Палестинага жардам катары 32 млн. доллар бөлөт

Япониянын бийлиги Палестинанын элине жардам катары 32 миллион доллар өлчөмдөгү каражат бөлүп берет.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги Палестинанын маалымат каражаттарына шилтеме берип жазды. Япониянын расмий адамдарынын маалыматына караганда, бул акча каражаты гуманитардык жардам катары БУУнун Палестина качкындарына жардам берүү агенттиги (UNRWA), БУУнун Өнүктүрүү программасы, БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ, БУУнун Аялдар түзүмү, БУУнун Калк жаатындагы фонду, БУУнун гуманитардык иштер боюнча координаторунун кеңсеси жана Эл аралык Кызыл Крест комитети аркылуу палестиналыктарга өткөрүлүп берилет.

Япониянын палестиналыктарга бөлгөн жардамы ошондой эле медициналык жардамдарды дагы камтыйт.

Комментарий жиберүү