АКШ коалициясы Сирия менен Иракта 1370 жай тургунду өлтүргөнүн моюнга алды

2014-жылдын августунан бери 2019-жылдын декабрынын соңуна чейинки мезгил аралыгында Сирия менен Иракта ИШИМ террордук уюмуна каршы күрөшкөн эл аралык коалициянын абадан жасаган соккуларында бери дегенде 1370 жай тургун набыт болгон.

Бул туурасында АКШ коалициясынын кечээ, 13-февралда жарыяланган баяндамасында айтылды. “Pars Today” агенттиги маалымдагандай, АКШ коалициясы буга чейинки январь айында жарыялаган баяндамасында, Сирия менен Иракта жасаган чабуулдарында 1359 жай тургун мерт болгонун моюнга алган эле.

“Airwars” байкоочу тобу коалициянын аба соккуларынан 8000ден ашуун жай тургун өмүрү менен кош айтышканын маалымдаган. Америка акыркы жылдары террордук топторго каршы күрөшүү деген шылтоо менен Сирия жана Ирактагы жай тургундардын өмүрүн кыйып жатат.

Коалиция күчтөрү 2014-жылдын августунан баштап 2019-жылдын ноябрына чейин Сирия менен Ирактын аймагына абадан 34 700дөн ашуун сокку урган.

Комментарий жиберүү