Алжирдин премьер-министри: Сирия Араб биримдигине кайтышы керек

Алжирдин ТИМ жетекчиси Сирияны Араб биримдигине кайра кошуу керектигин билдирди.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Сабри Букадум Сириянын Араб биримдигинен тышкары болуусу бул биримдикке чоң зыян келтирип жатканын жана Сирияны биримдикке кайра кошууга аракет жасоо зарылдыгын билдирди.

Эске салсак, Араб биримдиги 2011-жылы Сирияда башталган согуштан кийин Сауд Аравия менен Эмираттын кысымдарынан улам Сирияны биримдикке кошуу маселесин артка калтырган. Ошондой эле көптөгөн араб өлкөлөрү Дамасктагы элчиликтерин жаап, дипломатиялык маамилелерин үзгөн.
 

Учурда Башар Асаддын өкмөтү жеңишке ээ болгон соң, көптөгөн араб өлкөлөрү кайрадан Дамаск менен байланыштарын жаңыртууга алпурушууда. Сирия кырдаалы 2011-жылы Америка, Сауд Аравия жана шериктештеринин колдогон террорчу топтордун чабуулуна кабылган.

Ал эми учурда Иран менен Орусиянын жардамдары менен өлкөдөгү террорчу топтордун иш кагаздарын биротоло жабууда.

Комментарий жиберүү