БАЭ өз аскерлерин Йемен согушунан чыгарып кетти

Эмираттык армияларды өлкөгө кайтаруу аземи өкмөттүк жетекчилердин катышуусунда өткөрүлдү.

 Islam-Today агенттигинин маалыматына ылайык, Бириккен Араб Эмираттары өз аскерлерин Йемен согушунан 5 жыл өткөн соң чыгарып кетишти.

Emirates News Agency агенттиги аскерлерди мекендерине кайтаруу күн улуттук майрам күнү катары белгиленгенин маалымдады.

Белгилей кетсек, БАЭ өз аскерлерин Йеменден чыгаруу чечими Эль-Мукалладагы Аль-Каида менен ИГИЛ террордук топторду бошоткондон кийин кабыл алынган. Буга карата Йемен өкмөтү БАЭге өз ыраазычылыгын билдирген.

Эске салсаск, БАЭ Йемен согушунда Сауд Аравия жетектеген коалициянын курамында 2015-жылдан бери катышып келген.

Комментарий жиберүү