Бишкекте Иран Ислам Революциясынын 41 жылдыгы белгиленди

13-февралда Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинде 1979-жылы жеңишке жетишкен Иран ислам Республикасындагы Ислам Революциясынын 41 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш чара болду.

Конокторду Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрози мырза кабыл алды.

Иш чара эки өлкөнүн гимндери менен башталды.

Андан соң сөз сүйлөгөн Ирандын Элчиси Саид Харрози алгач бүгүнкү кечеге келип катышып жаткан конокторду чын жүрөктөн куттуктай тургандыгын билдирди. “Мен үчүн Кыргызстандагы дипломатиялык миссиямдын ушундай салтанаттуу иш чара менен башталып жаткандыгы өтө кубанычтуу. Мындан 41 жыл мурда иран эли Имам Хомейнинин жол башчылыгы менен өлкөбүздүн тарыхында жаңы баракты ачышты. Анткени өз элин кордоп, байлыгын талап-тоноп келген шахтын авторитардык режими кулатылып, эгемендүүлүккө, эркиндикке жана диний элдик бийликке негизделген исламдык башкаруунун пайдубалын түптөштү”,- деди ирандык элчи.

Иран дипломатынын айтуусунда, кырк жылдан ашык мезгилден бери санкция салынып, дүйнөлүк коомчулуктан ажыратуу, экономикалык жактан алсыратуу аракеттери көрүлүп жаткандыгына карабастан, мамлекет өнүгүп жана цивилизацияга умтулуп жатат. Бүгүнкү күндө иран эли Улуу рухий лидер Сейел Али Хосейни Хаменеинин жетекчилиги менен өз күчүнө жана мүмкүнчүлүгүнө таянып, өзүнүн багытын улантууда.

Саид Харрози белгилегендей, “Иран Ислам Республикасы акыркы 40 жылдыкта Ислам Революциясын жеңүүнү көздөгөн көптөгөн кутумчулуктарды баштан өткөрдү. Бирок ага карабастан, бүгүнкү күндө ИИР өтө катаал, мыйзамсыз жана ырайымсыз санкцияларга кабылгандыгына карабастан, өлкө саясый, экономикалык, маданий, коргонуу чөйрөлөрүндө өсүп-өнүгүү үчтүндө бара жатат. Иран генетика, нанотехнология, тынчтык максатты көздөгөн ядролук энергетика, медицина жана маалыматтык технология тармактарында чоң ийгиликтерге жетишүүдө”.  

Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси андан ары сөзүн мындай деп улантты: “Ислам Революциясынын саясый багыттагы эң негизги ийгиликтеринин бири элдин эрки менен түзүлгөн демократиялык түзүлүш болуп саналат. Мисалы, өткөн 41 жылдын аралыгында Иранда жыл сайын шайлоолор өткөрүлүп келүүдө. 2020-жылы 21-февралда да иран эли Ислам Кеңешинин Межилисинин өкүлдөрү үчүн 11-ирет добуш беришет”.

Иран Ислам Республикасына коркунуч туудурган жагдайлар тууралуу Элчи террорчулукту атады: “Генерал Касеми Сулеймани сыяктуу өзүнүн бүткүл өмүрүн террорчулукка каршы күрөшүүгө арнаган улуу адамдар мамлекеттик террорчулукка туш болушат жана кыйнап өлтүрүлөт. Бүгүнкү салтанат террорчулукка каршы күрөшкөн бул офицер жана террорчулукка каршы күрөшүүнүн символуна арналган адамдын кыркылыгына туш келүүдө. Америка Кошмо Штаттары мындай террорчулугу менен дагы бир ирет өздөрүнүн бир гана эл аралык укуктарды сыйлабастыгын эмес, Ирандын маданий мурастары сакталган объектилерин да талкалоого даяр экендиктерин далилдешти”.

ИИРдин тынчтык максаттагы ядролук ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылуу менен ал “АКШ ядролук келимден бир жактуу чыгып кетүү менен өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп койду. Ошондуктан Ислам Республикасы тиешелүү келишимдин №26 жана 36-пункттарында көрсөтүлгөн жоболорго ылайык, көрсөтүлгөн график боюнча өзүнүн милдеттенмелерин токтотууга мажбур болду. Бул документтеги тең салмактуулукту сактоо болуп саналат. Ага карабай Иран МАГАТЭ менен кызматташтыгын улантууда жана эгер мүмкүнчүлүк жаралса, анда ИИР өзүнүн ыктыярдуу чектөөлөрүнө кайтып келүүгө даяр”.

Элчи ошондой эле “Борбор Азия өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташтыктарды өнүктүрүү Иран Ислам Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Өз кезегинде Тегеран борбор азиялык мамлекеттер менен өз ара кызматташтыктын баардык түрлөрү менен демилгелерди колдойт. Иран Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн тааныган жана дипломатиялык мамиле түзгөн өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ирандын Президенит  Хасан Рухани дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттери менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулат жана 2019-жылы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында Бишкекке келген. Ошондой эле ИИР менен КРнын Өкмөттөр аралык биргелешкен экономикалык комиссиясынын  XII жыйыны 2019-жылы декабрда Тегеранда болуп өттү. Ага эки өлкөнүн транспорт жана экономика министрлери катышышты. Эки тараптуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча макулдашуулар түзүлдүю Өз кезегинде Ирандын ИИМнин жетекчиси Бишкекке келип, эки өлкөнүн ортосунда коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду”.

Тегеран менен Бишкектин ортосундагы өнөктөштүк байланыштар боюнча сөз кылып, Саид Харрози эки өлкөнүн ортосунда саясый кеңеш берүүлөр жүргүзүлгөндүгүн жана КРнын ТИМнин статс-катчысы Нурлан Ниязалиев Тегеранда болуп, саясый консультацияларды өткөргөндүгүн эске салды. “2019-жылы эки өлкөнүн жеке ишканалары да бири-бири менен тыгыз кызматташты, ал эми ИИРдин ЕАЭБге мүчөлүккө өтүүсүнүн алдында жана 2019-жылдын 27-октябрынан тартып эркин соода аймагын түзүү боюнча Макулдашуу күчүнө киргендигине байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жогорулоого тийиш”.

Элчи ошондой эле “эки өлкөнүн кызматташтыгындагы маанилүү окуялардын бири Тегеран менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамы ачылды, бул жагдай улам убакыт өткөн сайын эки мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштар да өнүгүүгө тийиш. Ирандын гранттык жардамынын алкагында учурда Ош шаарында спорттук комплекстин имараты курулуп жатат жана жакын арада пайдаланууга берилүүгө тийиш. Иран жана Кыргызстан эл аралык жана аймактык форумдарда да жакшы кызматташууда”,- деди.

Сөзүнүн аягында Элчи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана КРнын расмий өкүлдөрүнө эки өлкөнүн достук, бир туугандык мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Конокторду кабыл алуу салтанаты андан кийин сый тамак менен улантылды

Комментарий жиберүү