Европа Израилдин басып алууларын улантуусуна тынчсызданды

ЕБдин Тышкы саясат боюнча жетекчиси дагы бир ирет Трамптын “Кылымдык келишим” долбооруна каршылыгын билдирип, Израилдин бул долбоорго таянып, басып алууларын улантууларын айыптады.

 Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Жозеф Борель  Германиянын “Девалет” гезитине берген маегинде ЕБ Трамптын “Кылымдык келишим” долбооруна каршы экенин дагы бир ирет баса белгиледи.

Анын айтымында, бул долбоор эл аралык мыйзамдарга туура келиши керек. Ал ошондой эле ЕБ эки өкмөт 1976-жылдагы белгиленген чегаралар менен жерлерди теңдештирүүнүн негизинде чечим кабыл алуулары керектигин билдирди.

“Израиль менен Демократиялык эгемендүү Палестина кошуна өлкөлөр катары бири-бирин расмий түрдө тааныган абалда жашашы керек. Ал эми Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча даярдаган долбоору бул параметрлерден чыгып кеткен”,- деди ЕБдин Тышкы саясат боюнча жетекчиси.

Ал Израиль учурда бул долбоордон пайдаланып, Батыш Шериада жаңы жер үлүштөрүн басып алуусун улантуудан оолак болуусун жана эл аралык мыйзам бузаарлык эч кандай өз алдынча чечим кабыл албоосун эскертти.

Комментарий жиберүү