Кытай Америкага эскертүү жасады

Кытайдын тышкы иштер министри Америка Пекиндин коронавирусту көзөмөлдөөсүнө каршы кадам жасай турган болсо, эки өлкөнүн алгачкы соода-сатык келишимине олуттуу зыян келерин эскертти.

“South China Morning Post” гезити дагы “Кытайдын тышкы иштер министри Ван И эгер Америка Пекиндин коронавируска каршы жасап жаткан аркетине, соода, туризм жана саякат тармагына сокку ура турган болсо, эки тараптуу соода келишимине зыян келерин эскетти”, – деп жазды.
Ван И кечээ, жума күнү башталган жана жекшемби күнгө чейин улана турган Мюнхен конференциясында бир нече өлкөлөрдүн Кытай жарандарына каршы туристтик чектөөлөрдү киргизгенин сынга алды.

Эскерте кетсек, Америка коронавирус чыккандан кийин Кытай жарандарынын киришине чектөө киргизген алгачкы өлкөлөрдүн бири болгон. Ошондуктан Кытай дагы АКШнын жардамын кабыл алуудан баш тарткан.
Ван И Американы ачык сынга алып, азыркы учурда Вашингтон эки өлкөнүн ортосундагы сапарлардын алдын алуу үчүн көйгөй жаратып жатканын жана  анын бул аракети эки тараптын соода тармагы боюнча макулдашуусунун ишке ашуусуна кесепетин тийгизерин айтты.

Ошондой эле, Кытайдын тышкы иштер министри дүйнөдөгү бир дагы өлкө коронавируска каршы Пекин сыяктуу чара көрө алмак эмес деди жана бул вирус өлкө үчүн олуттуу маселе экенин, бирок, аны токтотуш үчүн бардык аракетин жумшап жатканын жана бул боюнча ийгиликтер болуп жатканын баса белгиледи.

Ван И Американын коронавирусту шылтоо кылып туризм, соода-сатык жана туризм тармагына коркунуч туудуруруп, чектөөгө укугу жок деди. Мындан тышкары, Кытай илдетти көзөмөлдөө үчүн маанилүү кадамдарды жасай алганын, бирок, айрым өлкөлөр БУУнун сунушун четке кагып, ага кескин курч реакция көрсөтүп жатышканын баса белгилеп өттү.

Америка январь айынан баштап Кытайга саякаттоолордун алдын алуу аракеттерин баштап, бул өлкөгө сапар тартууга эскертүү жарыялаган жана жарандарына дагы аталган өлкөгө сапар тартуудан баш тартууларын сунуштаган эле.

Кытайдын тышкы иштер министри Пекиндин абдан күчтүү чара көрүүсүнүн натыйжасында коронавирус эпидемиясы коомчулук тарабынан көзөмөлгө алынганын жана дүйнөдө башка бир дагы өлкө мындай илдетке каршы күрөшүүдө мынчалык натыйжа көрсөтө албасын дагы бир жолу баса белгилеп өттү.

Комментарий жиберүү