Москвада ИШИМдин демөөрчүлөрүнүн бири кармалды

Орусиянын федералык коопсуздук кызматы Москванын чет жакасынан ИШИМ террордук тобуна 400 миң доллар жөнөткөн уюмдун демөөрчүлөрүнүн бири кармалганын маалымдады.

Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги кабарлады.
Орусиянын федералык коопсуздук кызматы жума күнү жарыялаган маалыматында, ИШИМ демөөрчүсү Орусиянын аталган коопсуздук кызматы менен өлкөнүн каржы тармагын көзөмөлдөөчү жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү уюмдары менен кызматташуусунун алкагында кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган ИШИМ террорчусу 33 жаштагы киши. Анын жашаган жеринен байланыш каражаттары, төлөмдөр үчүн насыя карталары жана анын мыйзамсыз иштерин далилдеген документтер, далилдер табылган.

Белгилей кетсек, акыркы жылдарда Орусияда ИШИМ террордук тобунун ондогон мүчөлөрү жана актоочулары кармалып жана өлтүрүлүп келет.

Комментарий жиберүү